Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Ала качуу: Дагы бир кыйылган турмуш


Кыргызстанда кыз ала качуу мыйзам боюнча кылмыш катары эсептелет.
Кыргызстанда кыз ала качуу мыйзам боюнча кылмыш катары эсептелет.

Өткөн окуу жылынын аягында Таластын Талды-Булак айлында бүтүрүүчү кызды ала качып кетишкен. Анын айтымында, бул ала качууну мугалими уюштуруп, ишке ашырган.

2008-жылдын апрель айы. Талды-Булак айлындагы Бакай-Таш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Чолпон Совхозбек кызы кадимкидей мектепке барып, бүтүрүүчү экзамендерге даярданып жаткан. Бир күнү сабактан англис тили мугалими сурап кетип, жардам берип койчу дегенде, ал бейкапар чыгып кеткен. Мугалими бейтааныш эки аял менен жолуктуруп, бул сенин болочок кайне эжелерин, сени биз алып кеткени жатабыз дегенде Чолпон, тынчсыздана, жакында турмушка чыккым келбейт деп айткан:

- Бирок эртеси күнү мени чон апамдын үйүнө бараткан жеримен мени анын (мугалимдин) иниси ала качып кетти. Бирок барганда мен отурган жокмун, себеби атам Бишкекке кеткен болчу. Анан кийин мени Тамара эженин үйүнө алпарышты. «Эжей, менин атам шаарга кеткен, апам оорукчан», - десем да болбой, «Алпара бергиле, мен жооп берем деп, мурдатан даяр турган балдарга салып берди. Мен кеткенден кийин ата-энем издеп барса, «Жок, аны көргөн эмесмин», - деп коюуптур. Алып барган жеримен болсо кыргыздын ырым-жырымын кылып, мени отургузуп коюушту.

Ушинтип курулган үй-бүлө көп өтпөй бузулуп кетти. Жаңы жылга жакындап калган кезде кайын журту кош бойлуу жаш келинди кетирип жиберген.

- Бир жумадан кийин кайне эжем мени кемсинте баштады. «Сенин эркек бир тууганын жок, сенин эне-атаң бизге тең эмес, керек болсо биз инибизге башка кыз деле алып берип коебуз, сени мал катары да көрбөйбүз», - деп айтып жүрдү. Кайын энем мага кол тийгизген учурлар да болгон, бирок мен чыдап жүрдүм. 22-декабрда жолдошум Бишкекке жөнөп кетти. Алты айлык боюмда бар эле. Ошондо алар: «Бизге мындай келиндин кереги жок, боюнда барлар үйүндө отурбайт бекен», - деп үйүмө кетирип жиберишти.

Азыр Чолпондун төрөтү жакындап калды. Чолпондун атасы Совхозбек Сыдыков кызынын ушундай тагдырына ала качууну уюштурган мугалим, Тамара Дүйшөбаева себепкер деп эсептеп, Чолпон көз жаргандан кийин ага чара көрүү жолдорун издээрин айтты:

- Мугалим болуп туруп, кылган ишине жооп бериши керек да. Мугалим мындай болуш керек эмес да.

Чолпондун ата-энеси аны эмне себептен дароо алып кетип калган жок деген суроо да туулат. Совхозбек Сыдыков буга «Кызыбыз отуруп калгандан кийин алып кете алган жопуз», - деп жооп берди.

Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Нуржамал Кудакеева бул окуя тууралуу биринчи жолу биздин оозубуздан угуп жатканын, ата-энеси кызын дароо алып кетип, тиешелүү органдарга убагында кайрылса болмок деп айтты:

- Чолпон Совхозбек кызынын турмушка чыгып кеткенине биринчиден ата-энелери күнөөлүү болуш керек деп ойлойм. Себеби жашы 18ге жете элек, мектепти бүтө элек кызды эмне себептен отургузуп коюушат? Эгер чындап ала качып кеткен болсо, алар кызын кайра алып келип алышы керек эле. Кызын алып келгенден кийин бизге, билим берүү бөлүмүнө, же укук коргоо органдарына кайрылыш керек болчу. Ошондо алар кызды алып келип, кайра мектепке отургузууга болот болчу. Анан бир жыл өтүп кеткенден кийин алар эмне себептен минтип кайрылышып жатышат, мен билбейм.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева да ала качуу жөнүндө мурда укпаганын, бирок Чолпон бүтүрүү экзамендерге келбегендиктен аттестатсыз калганын айтты. Ал эми мугалим Тамара Дүйшөбаева азыр кадимкидей иштеп жатат. Бирок аны менен байланышуу аракеттерден майнап чыккан жок. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын айтымында, мугалимди соттун чечими менен гана иштен четтетүүгө болот. Бирок алгач Чолпондун ата-энеси прокуратурага кайрылып, окуя иликтениши керек.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Тамара Дүйшөбаева райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын келини.

XS
SM
MD
LG