Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Шахмат федерациясына Жапаровдон жардам жок


Шахматтан эркектер арасында өлкөнүн биринчилигин жыйынтыкталып, эл аралык гроссмейстр Леонид Юртаев менен уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болушту.

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада эркектер арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты cоңуна чыкты.

Акыл таймашууларына гроссмейстр Леонид Юртаев, эл аралык шахмат чеберлери Эмилбек Сапар, Владимир Илиньский, ФИФЕ чеберлери Таалай Иманалиев, Семетей Төлөгөн тегин, спорт чеберлери Болот Такырбашев, Нурдин Самаков, Альгис Шүкүралиев баштаган кырк шахматчы катышып, мөрөй талашты.

Натыйжада 11 беттешүүнүн жыйынтыгында эки шахматчы Леонид Юртаев менен Семетей Төлөгөн тегин бирдей 8 упайга ээ болуп, Бухгольц коэффициентине ылайык Леонид Юртаев чемпион деп аталды.

Уландар арасында шахматтан Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин пикиринде федерация жетекчиси Акылбек Жапаров каражат жагынан жардам бербегендиктен Филлипиндер өлкөсүндө жаңы аяктаган Азия чемпионатына кыргызстандыктар барбай калышты.

- Эми 1-июлда Шри-ланка мамлекетинде өтө турган улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатына баруу үчүн демөөрчү издеп убара болуп жүрөбүз, -дейт Семетей Төлөгөн тегин.

-Кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге жана демөөрчүгө зар болдук. Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептейм. Ошентсе да Кыргыз туусун эл аралык аренада жогору көтөрүп жүрөбүз. Филиппиндер өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатына Кыргызстан катышпай калды. Биз кудайчы болуп бүттүк. Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат. Ошондуктан жакшылап даярдык көрүп, демөөрчү таап, жайында Ташкентте боло турган аймактык мелдешке өз эсебимден катышканы камынып жатам.

Шахматтан быйылкы 71-өлкө чемпионатында 13 оюнчу баш байгеге талапкер болушуп, курч таймашуу өкүм сүрдү.

11 оюнда баары 7,5 упай топтоого жетишкен жети шахматчыдан Бухгольц коэффициентине ылайык ФИДЕ чебери Эмилбек Сапар коло медаль тагынды.

Нарындык спорт чебери Болот Такырбашев турнирдеги аймактардан келген шахматчылардын мыктысы аталып, федерациянын өзгөчө белегине ээ болду.

Окуучу жана студенттерден айырмаланган шахматчылар Нургазы Жээнбеков менен Элдар Качиев да атайын сыйлыкка арзыды.

Эң кенже катышуучу деп таанылган 12 жаштагы Келсинбек Исакжанов менен тез жеңишке жетишкен Эрбол Асанов да кызыктырылуучу сыйлыктын ээлери болушту.

Ардагер шахматчы, ФИДЕ чебери Натан Зильберманга Кыргызстандын атынан ардагер шахматчылардын дүйнө чемпионатына барууга жолдомо берилди.

Быйылкы өлкөнүн 71-чемпионатынын жеңүүчүсү Леонид Юртаев июнь айынын ортосунда Ташкент шаарында өтө турган аймактык мелдешке катышат. Аны коштоп барып, Ташкенттеги мелдешке катышуу үчүн Семетей Төлөгөн тегин атасы экөө демөөрчү издеп жүрүшөт.

Шахмат күйөрманы Сапалкан Ариповдун айтымында Кыргызстанда таланттуу жаш улан- кыздар арбын. Өлкөнүн шахмат федерациясынын президенти катары экономика минстри Акылбек Жапаров аларга шарт түзүп, камкордукка алып, эл аралык мелдештерге катыштырып турсак, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

-Бизде таланттууулан-кыздар абдан көп. Ушул жаштардын ата-энелери дубанадай болуп, ар кайсы жактан каражат сурап, демөөрчү издеп, мелдештерге катыштырып жүрөт. Ата-энелердин мээнети менен гана ушундай ийгиликтер жаралууда. Эгер бизде Өзбекстандагыдай, Казакстандагыдай мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулганда мындан да чоң ийгиликтер болмок. Өлкөнүн шахмат федерациясынын президенти катары экономика минстри Акылбек Жапаров аларга шарт түзүп, камкордукка алып, эл аралык мелдештерге катыштырып туруу үчүн каражат маселесин чечип, толук кандуу жардам бербей жатат.

25-майда Филиппиндер өлкөсүндө жыйынтыкталган шахмат боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын шахматчылары каражат жоктугунан улам катышпай калышты.

Быйылкы чемпионаттын жеңүүчүлөрү Ташкентте өтө турган аймактык мөрөй талашууга катышып, эгерде ийгилик жаратса ноябрда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтө турган дүйнө Кубогуна катышууга укук алышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG