Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Талас: 44 жыл ремонт көрбөгөн бала бакча


Кыргызстанда көп балдар бала бакча тарбиясынан өксүп жатышат
Кыргызстанда көп балдар бала бакча тарбиясынан өксүп жатышат

Таласта бала бакчалардын имараттары каржылоонун жетишсиздигинен эскилиги жетип, талкаланууда. Талас шаарынын борборунда жайгашкан №6-бала бакчага барганыбызда, сыртта жааган жамгыр имараттын төбөлөрүнөн ичине кирип, балдардын жанында турган чака-челектерге суу тамчылап турганын көрдүк.

Ойго жакшы нерсе келмек беле дегендей, имараттын үстүңкү дубалы кулап кетсе эмне болот? Аталган бала бакчанын жетекчиси Зинаида Алаярова бул көйгөй менен кайрылбаган жерим калбаганын айтып безеленди:

-Мына көрсөңөр биринчи кабаттын полун, бүт чирип калган. Бир группаны толугу менен жаап салгам. Эми ага акча жок, ага берилбейт экен. Анда эмне кылам? Группаны жабамбы дагы? Деги эч кимден акча сурай албайт экенмин, акча сураганга да акым жок экен. 44 жылдан бери ремонт боло элек, капитальный ремонт. Мындай үстүртөдөн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат, ата- энелердин аркасы менен. Шыйпырын жапканга 247 мин сом керек экен, полуна 350 миң керек экен.

Бул бала бакча 140 балага эсептелинген, бирок азыркы тапта 223 бала тарбияланууда. Орун жетишпегендиктен бир керебетте экиден балдар жатышканын да бала бакчанын жетекчиси жашырган жок.

Талас шаарынын борборундагы бала бакчанын абалы ушундай болсо, алыскы райондордогу бала бакчаларды айтпай деле койсо болот.
Облус боюнча бала бакчалардын көбү өкмөт тараптан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, каржылык муктаждыкта турат, дейт №9 бала-бакчанын башчысы Гүлбара Ботоканова

- Эгерде жылыга бирдеме алсак, материалдык база анча-мынча оңолсо, бул жалан гана ата- эненин жардамы менен бюджеттен тышкары келип жаткан каражат. Бирок ал аз. Себеп дегенде бизде 30 жылдан бери бала бакчалардын материалдык базалары алмашыла элек.

Гүлбара Ботоканованын айтымында, бул жерде тамак-аш азыктарын сакташ үчүн муздаткычтар жок, төшөнчүлөрдүн эскилиги жеткенинен санитардык талаптарды аткаруу кыйын. Ошондуктан бала бакчаларда ар кандай оору-сыркоолор көп чыгууда.

Эң көп бала бакча жайгашкан Талас шаарынын вице-мэри Нургыз Базарбаевага кайрылдык. Ал жакында Талас шаарында дагы бир бала бакча ачылаарын сүйүнчүлөп, бала бакчаларга жергиликтүү бийлик колдон келишинче жардамын көрсөтүп жатканын айтты.
Анын ичинде жогоруда айтылган №6 бала бакчага жакында эл аралык уюмдар аркылуу көмөк көрсөтүлөөрүн маалымдады.

- Биз Мерсикодон грант утуп алдык, алар 200 миң сомдон ашык суммада каржылай турган болушту. Анын 50 пайызын жергиликтүү бийлик көтөрөбүз деп жатабыз. Мына 20-апрелде Мерсикодон келе турган адамдар менен мэриядан жолугушуп келишим түзүлүп, келишимге кол коебуз, эки тарап. Ошондон тарта жумуш жүрүп баштайт деп ишенебиз.


Бала бакчалар боюнча бир топ долбоорлорду жазып, өз сунушун бийликке сунуштап келген Таластагы Айкөл бейөкмөт уюмунун башчысы Гүлмира Темирбекова эгер бала бакчаларга мындан ары да бийлик кайдыгер мамиле жасала берсе, Кыргызстандын келечеги үчүн орду толгус залакасы болот:

- Азыркы жанагы кризистик заман деп жатпайлыбы, эми кризис ар дайым эле болуп келген, болот! Бирок ушундай кризистик заманда да биринчи оорунга балдарды койбосок, эн кичинекей балдарды, анда эртен биз балдардын ден соолугун да жоготуп алабыз, мамлекетибизди да жоготуп алабыз. Кыргыздар да жоголуп кетуу коркунучунда деп катуу эле айтып жатам мен.

Талас облусу боюнча союз мезгилинде кырктан ашык бала бакча иштеп келген. Бүгүнкү күнү анын жыйырма беши гана иштейт, калгандарынын имараттары сатылып кеткен.
XS
SM
MD
LG