Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Балдарга зомбулук көрсөтүү - күчөгөн көрүнүш


Бишкекте “Зомбулуксуз балалык” аттуу коомдук өнөктүк жыйынтыкталды.

“Зомбулуксуз балалык”коомдук өнөктүктүн алкагында жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Кыргызстанда жылдан жылга балдарга карата зомбулуктун түрдүү формалары күчөп бара жаткандыгы аныкталган. Өзгөчө өлкөдө балдарга карата кол көтөрүү эң көп жайылган зомбулук түрү экени байкалган.

ИИМдин билдирүүсүндө жыл сайын бир эле Бишкек шаардык балдардын клиникалык бейтапканасына катуу ур-токмоктон алган жараат менен 500 (!) бала жатып чыгышат.

Укук коргоочулардын белгилешинче балдар зомбулукка эң көп мектептерде да дуушар болушат. “Балдар коркунучта” уюмунун жетекчиси Никита Никифоров мектептеги балдарга карата зомбулук көбүнчө жашыруун мүнөздө болгондуктан укук коргоочуларга аны далилдөө оорго турарын айтат.

Никифоров мектептерде зомбулук рэкет түшүнүгү менен гана чектелбеши керек деп, кээ бир мугалимдердин айрым окуучуларды киши эсебине албоо мамилесин да зомбулуктун бир түрүнө киргизет:

- Мектептердеги балдарга карата кеңири жайылган зомбулуктун түрлөрүнө: уруп-сабоо, рэкет, мазактоо, мектептеги төлөмдөрдү өз убагында алып келбегендиги үчүн сабактарга киригизбей чыгарып жиберүү кирет.

Укук коргоочулар ошондой эле Кыргызстанда соңку кезде балдарга карата сексуалдык зомбулук да күч алганын айтып тынчсыздануу билдирип жатышат. Сексуалдык зомбулуктун бул түрүнө эртелеп күйөөгө берүү, балдар сойкулугу, сексуалдык максатта балдарды сатуу көрүнүштөрүн киргизүүгө болот.

Балдар укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдар желесинин мүчөсү, “Эл аралык билим берүү” коомдук уюмунун жетекчиси Лира Карагулованын айтымында көбүнчө сексуалдык зомбулукка кара жумушка тартылган көчө балдары кабылышат. Мындай жыйынтык жай ичи Ысык-Көл жээгиндеги акча табуу менен алектенген жаш балдарды сурамжылаганда аныкталган. Сурамжылоого миңге чукул жаш балдар тартылган:

- Мен муну психологиялык жактан зомбулук деп атаар элем. Акча жоктугуна ата-энелер өз балдарын көчөгө түртүшөт. Үйдөгү жетишпестиктен келип чыккан урушка күбө болушкан балдар пляжда, пансоинаттарда, эс алуу үйлөрүндө, ашкана-ресторандарда, унаа жана кир жуучу жайларга ишке чыкканга мажбур болушат. Бул жерде алар чоңдор тарабынан сексуалдык зомбулукка дуушар болгон учурлар да бар.

Интернет-технологияларын колдонуп балдар порнографиясын коммерциялык максатта жайылтуу Кыргызстанда да ишке кирип жатканы айтылып, бүгүн укук коргоочулар тарабынан бул боюнча кооптонуу коңгуроосу кагылды. “ЭКПАТ” улуттук желесинин координатору Эльвира Илибезова мындай кылмыштардын кенен жайылып кетишинин алдын алып Кыргызстан Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн “Балдарды эксплуатациядан жана сексуалдык зомбулуктан коргоо” жана “Компьютердик кылмыштар тууралуу” конвенцияларына кол коюшу керек деп эсептейт:

- Бул жерде балдар катышкан порнографиянын бардык түрлөрүнө тыю салынат. Анда ошондой эле мындай материалды көрүүгө, жайылтууга чек коюлуп, ал тургай анын үйдө болбошу тууралуу шарттар бар. Ошондой эле бул жерде балдар порнографиясы деген түшүнүккө аныктама бар. Жашы жете элек балдарды сексуалдык мүнөздөгү ачык аракеттерге катыштыруу балдар порнографиясы болот.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мыйзамында “Балдарга зомбулук көрсөтүү” деген түшүнүк жок. Мунун өзү коомчулуктун балдардын коопсуздугу маселесинен алыстап кеткендигинен кабар берет. Бирок балдар- ар бир өлкөнүн кол тийгис баалуулугу экендигин унутпоо керек”, - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйында Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдар тармагынын координатору Елена Воронина.

Укук коргоочу “2003-жылы 25-мартта кабыл алынган “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо тууралуу” мыйзамында үй-бүлө ичиндеги гана зомбулукка каршы чаралар каралган” - дейт .

XS
SM
MD
LG