Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

“Достор” көркөм тасмасы тартууланууда


Ушул күндөрү кыргыз улуттук академиялык драма театрында режисер Назым Меңдибаиров тарткан “Достор” аттуу көркөм тасма көрсөтүлүүдө.

Сахна жылдыздары аралашкан бул тасманын сценарийин Рысбек Жабиров жазган. Фильмде ата-энеси жок, балдар үйүндө өскөн төрт достун турмушу баяндалат. Башкача айтканда алардын кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнү, өзгөчө турмуш кураарда ата-эненин ролу кандай болоору көрсөтүлгөн. Мисалы, мына ошол төрт достун бири, башкы каарман колунда бар адамдын кызын сүйүп калып, ата-энеси жоктугунун айынан ал кызга жетпей калып, дүкөн тоноп, банктарга уурулукка кирип, аягында эки адамды өлтүрүп, өзү да бул дүйнө менен кош айтышканы чагылдырылат.

"Баардык чыгарма чыныгы турмуштан алынат, акындар ыр жазса да, сүрөтчүлөр сүрөт тартса да жашоодо болуп аткан көрүнүштөргө таасирленип жаратышат. Мен да бул тасмада турмуштун бир ирмемдерин бергим келди”,- дейт “Достор” фильминин сценарийин жазган автор Рысбек Жабиров.

“Чыгармада ойногон актерлордун көпчүлүгү эстрада ырчылары. Аларды мен кино жаатынан такыр алыс дегенге каршымын, себеби ырчылык жаатта билим алышканда, актерлук чеберчилик боюнча да сабактарды өтүшкөн. Ошондуктан тасма тартуу учурунда кыйынчылыктарды деле жаратышкан жок,”- деп билдирди фильмдин режиссеру Назым Меңдибаиров.

Тасма борбордо жана Талас, Жалалабад дубандарында тартылган. Фильмдин жалпы убактысы бир жарым саат. Кино көрөрмандарынын эң биринчи айткан сын-пикирлери да чыгарманын узактыгы болду.


Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова да бул пикирге кошулаарын айтып, тажатма эпизоддор көп экендигин кошумчалады.

Сөз болуп аткан бул кино Рысбек Жабировдун экинчи эмгеги. Буга чейин жалаң эстрада ырчылары катышкан “Кайып булак” аттуу мистикалык жанрдагы тасма жараткан.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG