Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

С.Садыкова: Маданият министрлиги мени катардан сызып салган


Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова жеке чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Сиз ноябрь айында Испаниядагы эл аралык фестивалга катышып келген элеңиз, ал жерде сиздин өнөрүңүзгө, кыргыздын элдик ырларына кандай баа беришти?

- Албетте Европага менин биринчи жолу кадамым түшүп, биринчи жолу ырчы катары жеке концерт берүү мага бир чети сыймык болсо, бир чети чоң толкундануу болду. Чынын айтсам, мен өзүм күткөндөгүдөн жогору, жылуу кабыл алышты, кызыгуу өтө жогорку деңгээлде болду.

- Ошол жерден англис тилин үйрөнүү боюнча маселе козголгон экен. Англис тилин азыр үйрөнүп жатасызбы?

- Ооба, келгенден бери бошобой, бирок пландарымда бар. Андан бери Москвага барып жеке концерт берип келдим. Бирок Европага сапарымдан кийин айтышты, англис тилдүү өлкөлөргө көбүрөк барасыз деп, тилди үйрөнүш керек болуп жатат.

- Ал эми Москвадагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында концертке чакырууну маданият жана маалымат министрлиги уюштурдубу, же алардын өздөрүнүн чакыруусу менен бардыңызбы?

-Жок. Быйылкы Европага болгон сапарым дагы, Москвадагы жеке концертим дагы экөө тең эл аралык сайттардан менин атымды дүйнө тааныгандыктын натыйжасынан улам барып келдим.

- Алдыда дагы Москвага барам деп атасыз, кандай өңүттө болмокчу концертиңиз?

-Москва тарапта 22-23дө чоң концерт өтөт экен, ошол концертке менин катышуум күтүлүп жатат буюрса.

- Сиз ал жактарга барганда оркестрдин коштоосунда фонограмма менен ырдап атасызбы, же комуз менен жандуу ырдап атасызбы?

-Жок. Кыргыздын классикалык таза элдик ырларын жалаң комуздун коштоосунда ырдап жатам.

- Репертуарыңызда кайсы ырлар бар?

Репертуарымда кадимки эле биздин элдик классикага айланган Бектемир Эгинчиевдин “Алымканы”, Атайдын “Эсимдеси”, Муса Баетовдун “Арпанын Ала-Тоосунан” деген сыяктуу чыгармаларды, Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларынан ырдайм.

- Чет мамлекеттерге, Орусиянын борбору Москвага барып атканда сизге маданият министрлигинен кандайдыр бир колдоо болуп атабы?

-Жок. Эки жылдан ашып кетти, маданият министрлиги тарабынан мен жок кишинин катарында чийилип калгам, мени унутушкан, билбейм эмне жамандык кылганымды.

- Филармониядан кызматтан кеткениңизге эки жылдай болуп калды окшойт. Ал эми кыргыздын эл артисти жумушу жок кандай жан багып атат бүгүнкү күндө?

Бир гана сырттан чакыруулар менен жанымды багып атам, иштеген ишим дагы үйдө болуп атат, эч кимге азырынча кереги жок кишидей болуп туруп атам.

- Алдыдагы пландарыңыз кандай?

- Алдыдагы пландарым буюрса жакшы, чыгармачылык өнөр адамы жакшы экен, буга чейин мен атымды тургузуп койгонум ырас болгон экен. Европа, бул жагы Батыш мен жөнүндө азыр билип, кызыкдар болуп, кам көрүп атат, көптөгөн чет элдик сапарларым бар, буюрса угасыздар алдыда.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG