Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Куудул Борончу Кудайбергенов
Куудул Борончу Кудайбергенов

Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Аралаштан азил тамаша” аттуу куудулдардын күлкү кечеси өтөт.

Маданият жана маалымат министрлигин колдоосу менен, “Ар айдын алтысында” аттуу долбоордун негизинде уюштурулуп жаткан бул концерт бул жолу 1-апрель күлкү күнүнө жана башка апрель айында өтүүчү майрамдарга багытталат деп билдирди уюштуруучулардын бири, куудул Борончу Кудайбергенов.

Жакынкы күндөрү окурмандар “Сейтек” эпосунун жаңы вариантына күбө болушат. Учурда басмада даярдалып жаткан эмгектин автору жаш манасчы Дөөлөт Сыдыков. “Сейтек” эпосу буга чейин Саякбай Каралаевдин вариантында жарык көргөн. Аны менен Дөөлөтбек Сыдыковдун айтуусундагы “Сейтек” эпосунун ортосунда өтө деле чоң айрымачылык жок. Айрым бир темаларда гана өзгөчөлүктөр бар экендигин кабарлады автор Дөөлөт Сыдыков. 14 миң саптан турган, жаш манасчы Дөөлөтбек Сыдыковдун айтуусундагы “Сейтек” эпосунун жаңы варианты 1000 нускада жарык көрөт.

11-апрелде Бишкекте Өзбекстандык ырчы Согдиананын жеке концерти өтөт. 12-апрелде борбордогу “Француз” бильярд клубунда “Алтын кий” теледолбоору, башкача айтканда атактуу инсандар арасында бильярд спорту боюнча турнир өтөт. Мелдешке 20дан ашуун көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жана спорт тармагындагы белгилүү инсандар катышат.

Орус драма театрынын артисттери бул аптада Гогольдун “Сүйүүнү орустар ойлоп табышкан” комедиясын, Майкл Фрейнддин “Сахна артындагы ызы-чуу” жана Лопе де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр” спектаклдерин тартуулашат.

Улуттук опера жана балет театрынын жаш солистеринин концерти 10-апрелде өтөөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары аталган театрда Адольф Адандын “Жизель” балети жана балдар үчүн Игорь Морозовдун “Доктур айболит” балети коюлат. Ал эми 12-апрелде биринчи кыргыз операсынын 70 жылдыгына карата “Айчүрөк” операсы тартууланат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дүйнөнүн алтындары Кыргызстанда” аттуу көргөзмө өтүүдө. Азия, Европа жана АКШ өлкөлөрүнүн заманбап сүрөтчүлөрүнүн башын кошуу максатын аркалаган бул көргөзмөдө Австрия, Германия, Греция, Иран, Испания, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар мамлекеттердин кыл калем чеберлеринин эмгектери коюлган.
XS
SM
MD
LG