Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

“Кыргызпатент” чыгармачыл жаштарды колдойт


Мамлекеттик патент кызматы жыл сайын жети жаш акын-жазуучунун китебин чыгарып турмакчы. Мындай басылмаларды чыгарууда патент кызматы аймактардагы жаш таланттарды да көз кырына алат.

"Кыргызпатент" кызматынын каржылоосу менен жаш акын-жазуучулар – Рыспай Исаковдун, Кубанычбек Сапаралиевдин, Алтынай Ормотоеванын, Сапарбек Сайпидиновдун, Таштан Чакиевдин жана Айсулуу Эсен кызынын китептери чыкты. "Кыргызпатенттин" мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Маркабай Ааматов жакындан баштап бул авторлордун чыгармачыл кечелерин өз-өзүнчө "Кыргызпатент" кызматы өткөзүп берерин кабарлады:

- Биз бул жаш авторлордун Кыргызпатенттен кечээ жакында чыккан китептеринин жалпы тушоо кесүүсүн өткөрдүк. Эми алдыда бул жаш таланттардын жеке кечелерин да өткөрөбүз.

Маркабай Ааматовдун айтымында, "Кыргызпатент" кызматынын жетекчилиги – алдыда өзгөчө жаш таланттардын эмгектерин жарыкка чыгарууга көңүл бурат. Анын айтымында эгемен жылдар ичинде жаштар чыгармачылыгы унутта калды. "Кыргызпатент" айрыкча алдыда аймактардагы таланттарды колдоого алат:

- Чынында эле аймактарда борборго жеталбаган канча жаш таланттарыбыз бар. Өткөн жылы Кыргызпатенттин кызматкерлери Талас, Ош облустарында болгонубузда, чыгармачыл борборлордун жетекчилери бизге – сиздер ошол борборлордогу эле акын-жазуучуларды, ойлоп табуучуларды колдой бересиздерби же бизге да көңүл буруу оюңуздарда барбы?- деген суроону коюшкан эле. Эми биз ушул кенемтени оңдоп, аймактардагы таланттарга да колдоо көрсөтөбүз.

"Кыргызпатент" жыл сайын жаш акын-жазуучулардын “Саамалык” альманахын чыгарып келатат. “Саамалыктын” быйылкы санында аймактык таланттардын чыгармаларына көп орун берилмекчи жана жыл сайын жетиден жаш акын-жазуучунун китеби чыгып турмакчы.

XS
SM
MD
LG