Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өткөн аптанын маданий окуялары


Акындар Бактыгүл Чотурова менен Рахматулла Козукеев Түркияда өткөн эл аралык фестивалга катышты. Мануйлованын сүрөт музейинде 90 жаштагы согуш ардагери Яков Храпковскийдин сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Апта башында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде салттуу жаз “Сацуки-Масури” аттуу фестиваль ачылды. Фестивалды япониялык “Адамзатынын өнүгүү борбору” уюштурду. Фестивалдын негизги максаты – кыргыз жана япон элдеринин ортосунда достук мамилелерди, алакаларды түзүүдө болду. Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларынын концерти менен коштолду.

5-майда Кыргыз мамлекеттик филармониясында поляк композитору Станислав Монюшконун 190 жылдыгына арналып, поляк ыр-күүлөрүнөн турган чоң программадагы концерт болду. Поляк ыр-күүлөрүн мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери жана улуттук консерваториянын окутуучулары, студенттери аткарышты.

Станислав Монюшко поляк улуттук операсынын негиздөөчүсү.

Акындар Бактыгүл Чотурова менен Рахматулла Козукеев 6-майдан 10-майга чейин Түркиянын Сарыгүй шаарында өткөн түрк тилдүү акындардын эл аралык фестивалына катышты. Фестиваль атактуу түрк акыны Юнус Эмреге арналып өттү. Бактыгүл Чотурова Сарыгүйдө ыр окуп, ал эми Рахматулла Козукеев кыргыздын төкмөлүк өнөрүн көрсөтүп, “Манас” эпосунан үзүндү айтып кайтышмакчы.

7-майда Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде Шайлоо Жекшенбаевдин “Адам жан дүйнөсү” аттуу фото көргөзмөсү, ал эми Ольга Мануйлованын музейинде 90 жаштагы сүрөтчү, согуш ардагери Яков Храпковскийдин майдан темасына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

8-майда “Ушул даңктуу Жеңиш күнү” аттуу балдар сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. “Балажан” балдар борборунун директору Дария Мусинанын айтуусунда, бүгүнкү балдар согушту көргөн жок, бирок аталардын, чоң аталардын аңгемелеринен улам бул эмгектерди жаратып отурушат. Жеңүүчү балдарга чөнтөк телефон, магнитофон жана башка баалуу сыйлыктар тапшырылды.

9-Майда Мамлекеттик тарых музейинде Адам таануу аалымканасы Тарых музейи менен биргеликте “Рух дүйнө - Кыргыз таануу өнөр кечеси” аттуу маданий кечени өткөрдү. Кеченин максаты – улуттук руханий азыктар тууралу дилдешүүдө болуп, улуттун маданиятына байланышкан маселелер көтөрүлдү. Аталган маданий жыйын нагыз улуттук ыр-күүлөрдүн коштоосунда өттү.

“Шаттык” балдар бий ансамбли 9-майда Белорус өлкөсүнө эл аралык фестивалга жөнөп кетти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эрик Латыпов жетектеген бул ансамбль Белоруста кыргыз элинин улуттук бийлерин көрсөттү.

10-майдан тарта Бишкекте белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссерлор үчүн чеберчилик окууларын өтүүнү баштады. Жаш кинорежиссерлор 10 мүнөттүк кинотасма тартууга тийиш жана ал тасмалар сабакта талкууга алынат. Чеберчилик окууларын өтүүнүн башкы максаты – Кыргыз киноиндустриясын көтөрүү жана жаш адистерди өстүрүү.

Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелиги астында белгилүү фотосүрөтчү Владимир Пироговдун ачык асман астында фотосүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ал эмгектердин көбү Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна арналган.

XS
SM
MD
LG