Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Германиялык уюм жаш сүрөтчүлөрдү колдоодо


Германиянын Кыргызстандагы “Техникалык кызматташуу коому” кыргызстандык жети жаш сүрөтчүнүн көргөзмөсүн ачты. Уюмдун максаты – таланттуу жаштардын эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгуу.

Германиянын Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча “Техникалык кызматташуу коомунун” офисинде жаш сүрөтчүлөр Ормонали Идрисовдун, Бектен Усубалиевдин, Сансызбек Мирзираимовдун, Руслан Ибраимовдун, Базаркул Өмүркул уулунун, Сүйөркул Дооровдун жана Ольга Семенованын сүрөттөрү илинген. Баары болуп 60ка жакын эмгек коюлган.

Жаш сүрөтчүлөр Сансызбек Мирзираимов жана Сүйөркул Дооров менен аңгемелеше кеттик. Сансызбектин эмгектери авангарддык багыттагы эркин эмгектер болсо, Сүйөркулдун сүрөттөрү реалисттик багыттагы иштер. Алгач Сансызбектин ойлорун угалы:

- Мен эркин ой жүгүртүп, чындык менен кыялды жууруштура өз бүтүмүмдү чыгарып иштөөгө ыктап баратам. Ошондуктан да мага дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн рейтингинде үчүнчү орунга чыккан Жылкычы Жакыповдун эмгектери жагат. Анын иштери авангарддык стилдеги мыкты эмгектер.

Ал эми жаш сүрөтчү Сүйөркул болсо күзүндө алгачкы жеке көргөзмөсүн ачат:

- Мен реалисттик багытта айрыкча бүгүнкү кыргыз турмушун чагылтууга далалаттанып иштеп жатам. Кыргыз табиятын тартуу да абдан жагат. Күзүндө алгачкы жеке көргөзмөмдү ачсам деп максат коюп жатам. Азырынча “даяр” деген 20 ишим бар. Ага чейин дагы иштей берем да буйруса.

Бишкектеги Чуйков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайынын директору Табылды Байбосунов бул жаш сүрөткерлерди жакшы билет. Анткени жаш сүрөтчүлөрдүн баары ал жетектеген окуу жайдан билим алып чыгышкан:

- Мен бул жаштардын эмгектерин жакшы билем. Башта булар реалисттик багытта иштеп келишкен. Азыр болсо мына көрүнүп турат, бир топ философиялуу татаал жанрларга өтө башташыптыр. Боектору да шайкеш келип, боектор менен иштөөнүн ыкмаларын да өздөштүрүп калышкан.

Германиянын Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча “Техникалык кызматташуу коомун” Сильвия Геслер айым жетектеп келатат. Сильвия айым борбордун башкы максатын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Германиянын Кыргызстанда бир топ жылдардан бери иштеп жаткан “Техникалык кызматташуу уюму” бир топ долбоорлор менен иш алып барат. Мына ошондой долбоорлорубуздун биринин негизинде мына бүгүнкү иш чара өтүп жатат. Биз бул эмгектердин сатылышына да жардам көрсөтөбүз. Түшкөн каражаттын 20 пайызы Кыргызстандагы Балдар үйлөрүн колдоого жумшалат. Ал эми биздин эң башкы максатыбыз – чыныгы таланттуу жаштардын атын чыгаруу.

Жаш сүрөтчүлөрдүн немецтик “Техникалык кызматташуу коомунда” ачылган көргөзмөсүнө Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова да келген. Саламат айымдан аталган көргөзмө тууралу ой-пикирин сурадык:

- Бул жерде менин көңүлүмө айрыкча жаш сүрөтчү Сүйөркул Дооровдун иштери жакты. Себеби анын көпчүлүк иштеринде кыргыздын айыл элинин турмушу чагылдырылган. Мисалы мына бул эмгегинде: Айыл... мал сарай... тигинде малдар жүрөт. Ошону менен эле бирге тиги сарайдын боорунда “Телефонго бирдиктерди жүктөйбүз” деп жазылып турат... Аргасыз күлөсүң. Техникалык прогресстин тынч жаткан айылга да киргенин, бүгүнкү турмуштун өң-түсүн жаш сүрөтчү өтө сезимталдык менен бералган.

Жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

XS
SM
MD
LG