Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Жаңырган аптанын маданий окуялары


Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасын орус киночулары тасмалаштырмакчы.
Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасын орус киночулары тасмалаштырмакчы.

Улуттук китепканада маркум Мурза Гапаровдун “Ээн бакта” тандалмалар жыйнагынын бет ачары өтөт. Венецияда 4-июнда өтүүчү 53-эл аралык “Венециялык биеннале” сүрөт көргөзмөсүнө кыргыз сүрөтчүсү Эрмек Жеңиш катышат.

Германиянын Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча “Техникалык кызматташуу коому” 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жети жаш сүрөтчүнүн көргөзмөсүн өткөрүп жатат. Уюмдун максаты – таланттуу жаштардын эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгуу. Көргөзмөгө жаш сүрөтчүлөр Ормонали Идрисовдун, Бектен Усубалиевдин, Сансызбек Мирзираимовдун, Руслан Ибраимовдун, Базаркул Өмүркул уулунун, Сүйөркул Дооровдун жана Ольга Семенованын 60ка жакын сүрөттөрү коюлган.

Венецияда 4-июнда өтүүчү 53-эл аралык “Венециялык биеннале” сүрөт көргөзмөсүнө кыргыз сүрөтчүсү Эрмек Жеңиш катышат. Эрмек Жеңиш Борбор Азиядан тандалган 5 сүрөтчүнүн бири. “Венециялык биеннале” 1895-жылдан баштап уюштурулуп, искусстводо дүйнөдөгү эң бир маанилүү иш чаралардын бири болуп саналат.

Улуттук китепканада 4-июнда кыргыз классик жазуучуларынын бири Мурза Гапаровдун “Ээн бакта” тандалмалар жыйнагынын бет ачары өтөт. Мурза Гапаровдун аталган китебин чыгарып жаткан топтун башында турган белгилүү жазуучу Мелис Абакировдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бул китептин басууга даярдалганына 10 жыл болду:

- Мырзакем менен жакын жолдош элек. Анын китеби 20 жылдан бери чыгалек болчу. Көзү өткөнүнө да 7 жыл болуп калды. Китеп Тилек Мураталиев жетектеген “Турар” басмасынан жарык көрдү. Ушинтип жолдоштору чуркабасак, ким чыгарат?

Англиядан манасчы Сапарбек Касмамбетовдун “Манастан” жана “Семетейден” айткандары компакт-дисктери менен китеп болуп чыгып жатат. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун англисче басылып чыккан китебинин бет ачары жана 75 жылдык мааракеси күзгө жуук Бишкекте жана Лондондо белгиленмекчи.

Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасын орус кинорежиссерлору тасмалаштырмакчы. Аталган кинотасманы тартууда кыргыз актерлору айрым ролдорду ойноп катышышмакчы. Ал эми эмгектин толук чыгымын орус киночулары көтөрөт.

Эртең 2-июнда 28-майда ачылган Арс-Полония музыкалык фестивалы ишин аяктайт. Кыргызстандагы “Поляк биримдиги” өткөрүп жаткан кароо-сынактын алкагында – 18 жашка чейинки жаш таланттар музыканын ар кандай жанрында таланттарын көрсөтүшүүдө. Улуттук консерваторияда ачылып, республиканын бардык аймактарынын музыкалык окуу жайларында өтүп жаткан Арс-Полония музыкалык фестивалы тууралу консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев буларга токтолду:

- Жаш таланттарды, жалпы эле музыканттарды колдоодо бул фестиваль чоң роль ойнойт деп ойлойм. Бул маданий иш-чара консерваторияда эле эмес, Кыргызстандын бардык музыкалык окуу жайларында, борборлорунда өтүүдө. Жеңүүчүлөрүбүзгө чоң-чоң сыйлыктарыбыз бар.

Алдыда күзүндө белгиленчү Улуттук китепкананын 75 жылдык мааракесин утурлап Бишкекте КМШ мамлекеттеринин жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн китепканачыларынын эл аралык конференциясы өтөт. Ошондой эле Бишкекте жакын арада Кыргызстандын “Коомдук китепканалар ассоциациясынын” II Форуму болмокчу. Алдыда Маданият жана маалымат министрлиги айыл китепканаларын көтөрүүгө көңүл бурат.

Бишкектеги “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров “Азаттыкка” күзүндө аталган басмадан “Айкөл Манастын” 10 томдугу басылып чыгарын кабарлады:

- Бүбү Мариям Муса кызынын Жайсаң акындан берилип жаткан кабарларынын негизинде жаралган “Айкөл Манастын” 10 томдугу ушул жылдын октябрь айларына жарык көрүп калат. Баасы 2000 сомдон.

XS
SM
MD
LG