Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Балдар чыгармалары үчүн мамлекеттик сыйлык 5 авторго берилет


Балдар чыгармалары үчүн мамлекеттик сыйлык атактуу адабиятчы Салижан Жигитовго көзү өткөн соң берилүүдө.
Балдар чыгармалары үчүн мамлекеттик сыйлык атактуу адабиятчы Салижан Жигитовго көзү өткөн соң берилүүдө.

Балдар үчүн жазылган мыкты чыгармаларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясы 5 авторду белгиледи. Алар: маркум Салижан Жигитов, Жакыпбек Абдылдаев, Абдыкерим Муратов, Каныбек Жунушев жана Сулайман Рыспаев. Сыйлыктарды лауреаттарга ыйгаруу аземи ушул апта соңунда өтүшү күтүлүүдө.

Балдар үчүн жазылган мыкты чыгармаларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Аталган сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын төрагасы, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун пикиринде, соңку 20 жыл аралыгында өзгөчө балдар адабиятына мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыктан, балдардын ар тараптуу калыптанышы үзгүлтүккө учурабай койгон жок:

- Балдар адабияты эми өнүгүшү керек да. Жаңы заманга жараша мазмууну жагынан да, жасалгасы жагынан да бөбөктөрдүн, өспүрүмдөрдүн табитине ылайык китептер чыгышы керек. 20 жыл ичинде мамлекеттин балдар адабиятын жүр-нарыга салышы – жакшылыкка алып келген жок. Балдарыбыздын тарбиясы, билим алуусу, көркөм-эстетикалык табитинин өсүшү албетте артка кеткенин мамлекет да, коом да түшүнүп калды.

Балдар үчүн жазылган мыкты чыгармаларга мамлекеттик сыйлыктарды кароо сынагы – Кыргыз өкмөтүнүн 2008-жылдын декабрь айындагы атайын токтомунун негизинде жүрдү.

Кароонун жүрүшүнө балдар чыгармалары үчүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясынын жооптуу катчысы Мамасалы Апышев мындайча токтолду:

- Комиссиянын кароосуна 32 автордун чыгармасы сунуш кылынды. Чыгармаларды тандоо үч тур менен өттү. Биринчи турда жылдары туура келбеген эмгектер алынып салынып, экинчи турга 12 автордун чыгармасы өттү. Алардын ичинен жашыруун добуш менен беш автор жеңүүчү болуп табылды.

Ошентип Кыргызстандын адабий тармагында биринчи ирет уюшулуп жаткан балдар үчүн жазылган мыкты чыгармаларга мамлекеттик сыйлыктар – котормолор боюнча маркум Салижан Жигитовго Александр Пушкиндин “Балык жана балыкчы жөнүндө жомок”, Абдыкерим Муратовго “Чоң энемдин алтын сандыгы” аттуу түрк эл жомокторунун котормолоруна, поэзиядан – Каныбек Жунушевге “Бал курсак”, Жакыпбек Абдылдаевге “Бал челек” китептери үчүн жана Сулайман Рыспаевге “Айбийке сулуу” жыйнагы үчүн берилди.

Белгилүү адабиятчы жана жазуучу Абдыкерим Муратов “Чоң энемдин алтын сандыгы” котормосу тууралуу буларды айтты:

- Негизинен бул жомоктор ХIХ кылымда Түркиянын элет жерлеринен европалык фольклор жыйноочулар тарабынан жазылып алынган. Ушул жомоктордон мен 20 жомокту кыргызчага котордум. Мени кызыктырганы – түрк эл жомоктору менен кыргыз эл жомоктору абдан окшош.

Балдарга арналган чыгармалар үчүн мамлекеттик сыйлыктын проза боюнча лауреаты Сулайман Рыспаевдин ушул күндөрү Жусупбек Бакиев атындагы фонддун көмөгү менен “Таттуу үй” деп аталган балдарга арналган аңгемелер жыйнагы басылып чыкты:

- Он алты басма табактан турган бул китебимде “Таттуу үй” аттуу аңгемем бар. Ошол аңгемеден улам аталган эле китеп. Аңгемеде 3-4 жашар бала конфеттерден, таттуу токочтордон дасторкон үстүндө үй жасай берет. Жасайт да , “бул менин үйүм” дей берет. Аңгеме “ылайым ар бир баланын үйү, келечеги ушул таттуулардай таттуу болсо экен” деген тилек менен жыйынтыкталат.


XS
SM
MD
LG