Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Аптанын маданий окуялары


Мурза Гапаровдун жаңы жарык көргөн бир томдугу.
Мурза Гапаровдун жаңы жарык көргөн бир томдугу.

Аптанын бейшембисинде Улуттук китепканада кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун «Ээн бакта” тандалмалар жыйнагынын бет ачары болду. Жыйнакта жазуучунун тандалма прозалык жана драматургиялык чыгармалары камтылган.

  • 2011-жылы Алай канышасы Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракеге карата Курманжан датка тууралуу баяндаган көркөм тасма жана даректүү фильм тартылаары күтүлүүдө. “Курманжан датка фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошованын Азаттыкка билдиргенине караганда учурда тарыхчылар, адабиятчы, кинодраматургдар биргелешип сценарийдин үстүндө иштешүүдө.


  • 2-июлдан 6-июлга чейин Казан шаарында өткөн Нооруз эл аралык фестивалына Кыргызстандан “Учур” телетеатры, Муса Жангазиев атындагы Академиялык куурчак театры жана “Бишкек Жашыл театры” катышты. Бул эл аралык фестивалдын өзгөчөлүгү театрларга жана актерлерго сыйлыктар ыйгарылбай тургандыгында, жыйынтыгында болгону мыкты деп табылган спектаклдер эл аралык театр фестивалдарына катышууга жолдомо алышат.


  • Ушул жумада Казань шаарында Кореянын маданият күндөрү өттү. Иш-чаранын алкагында корей элинин үрп-адат каада-салтын чагылдырган оюн-зооктор менен бирге, фильмдер сунушталды.


  • “Disney” компаниясы Орусияга арнап фильм жаратты. Тасма “Мосфильм” киностудиясында, орус артисттеринин катышуусунда тартылды. Бул чыгарма Орусияга арналган алгачкы тасма деп белгиледи аталган компаниянын төрагасы Энди Берд.


  • Узап бара жаткан аптада Москвадагы Чоң театрдын балет труппасы АКШга болгон гастролун баштады. Маалыматтарга караганда чет жеринде артистер Людвиг Минкустун “Боядерка” балети менен бирге беш оюн көрсөтүшмөкчү.




XS
SM
MD
LG