Кыргыз-француз-немис кинолорунун буга чейинки эки жолку фестивалы - Франция, Германия мамлекеттеринин элчиликтери жана айрым демөөрчүлөр тарабынан уюштурулуп келсе, учурда өтүп жаткан үчүнчү кинофестивалды уюштурууга Кыргыз кино департаменти да катышты. Аталган департаменттин директору Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча өтүп жаткан кинофестивал эки өзгөчөлүккө ээ болуп жатат. Биринчиден, фильмдерди көрсөтүүлөр сыртта, ачык асман астында өтүп жатса, экинчиден мындан кийин бул фестивалга аталган үч өлкөдөн сырткары Европадан жана Азиядан дагы башка мамлекеттер катышмакчы.
Абибилла мырза Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-француз-немис кинофестивалынын программасы тууралуу буларга токтолду:
- Бардык эле фестивалдардай, бул жерде да конкурстук жана конкурстук эмес болуп кинотасмалар экиге бөлүнүүдө. Конкурстук фильмдерге өзгөчө жаштардын жаңы тарткан тасмалары катышмакчы. Фестивалга “Азия универсал банк” демөөрчүлүк көрсөтүп жатат. Гран-принин жеңүүчүсүнө аталган банк 1 миң евро ыйгармакчы. Башка кызыктыруучу сыйлыктарыбыз да бар.
Аталган эл аралык кинофестивалдын дагы бир башкы өзгөчөлүгү – кыргыз киносүйүүчүлөрүнүн дүйнөгө белгилүү болгон режиссерлордун кинотасмаларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда. Ошондой эле бул тасмалардын кыргыз киночеберлерине сабак болчу да жактары бар. Көрөрмандар “Ала-Тоо” аянтында кыргыз кинолорун да көрө алышат. Көрсөтүүдө Садык-Шер-Нияздын “Форс-мажор”, Алмаз Супатаевдин “Башка”, Элнура Осмоналиеванын “Шам чырак”, Санжар Абдыжапаровдун “Элүү сом” , Марат Сарулунун “Алыскы деңиздердин ыры” жана Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаровдун “Аялдама” фильмдери бар.
Кинорежиссерлор Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаров мындан алты жыл илгери биргелешип тартышкан “Аялдама” кыска метраждуу фильми бул кинофестивалда 28-июнда көрсөтүлөт. Тасманын өзөгүндө – аялдамада автобус күтүп тургандар менен Кыргызстанда элдин өткөөл мезгилдин өтүшүн күтүп жатышы - философиялуу маанайда салыштырылат. Аялдамадагылар – автобусту күтүп жатышса, Кыргызстандыктар – жакшы жашоону күтүшүүдө...
Эрнест Абдыжапаров бул тасма тууралуу мындай дейт:
- Бул тасманы жаңы тартып чыкканыбызда, эл такыр эле кабыл албай койгон. Бирок “Аялдама” чет өлкөлөрдө ийгиликтер менен кабыл алынды. Айрым фирмалар сатып да алышты. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, алты жыл илгери тарткан фильмибиз кыргыз көрөрмандарына да түшүнүктүү боло баштады.
Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун айтымында, фестивалдык тасмаларды ачык асман астында көрсөтүү дагы колго алынып, кийинки фестивалдык фильмдер Ысык-Көлдүн жээгинде көрсөтүлмөкчү.
Бишкекте кыргыз-немец-француз эл аралык кинофестивалы үчүнчү ирет өтүп жатат. Фестивалдык фильмдер ачык асман астында, тагыраак айтканда, 28-июнга чейин “Ала-Тоо” аянтында күнүгө 3 саат бою көрөрмандарга бекер көрсөтүлүүдө.