28-августта улуттук филармонияда “Кош жылдыз” аттуу долбоор өтөт. Бишкекте автордук тасмалардын 2- фестивалы башталды.
Жаш киноишмерлерди колдоо максатын аркалаган бул иш-чаранын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаңы тартылган мыкты фильмдери жана жаш кинорежиссерлор жараткан тасмалар тартууланат. Ошондой эле четтен келген киноишмерлердин катышуусунда баарлашуу, талкуулар жүрүп, устаттык сабактар өтүлөт.
28-августта улуттук филармонияда “Кош жылдыз” аттуу долбоор өтөт. Ага кыргыз элинин белгилүү инсандары катышып, кыргыз эстрада жылдыздары менен сахнада дует ырдашаарын кабарлады долбоордун жетекчиси Тамара Жаманбаева:
- Мисалы, Жогорку кеңештин депутаттары Чолпон Баекова Сыймык Бейшекеев менен, Галина Куликова Алтынбек Сапаралиев, Айнура Кенжебаева Расул Маматкулов менен, Бегаалы Наркозуев Жайнагүл Калчаева менен ырдашат. Баардыгы болуп концертке 14 түгөй катышат.
Өткөн жумада башталган “Эгемен Кыргызстандын мыкты фильмдери” аттуу декада бул жумада да уланат. Иш-чара 29-августка чейин созулуп, бул убакыт аралыгында кыска жана толук метраждуу, ошондой эле анимациялык фильмдер көрсөтүлөт деп билдирди "Азаттыка" берген маегинде Кыргызкино департаментинин жетекчиси Абибила Пазылов.
28-29-август күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда бир катар эстрада ырчыларынын катышуусунда “Салам Бишкек” аттуу концерт өтөт. Ал эми 30-август күнү улуттук опера жана балет театрында белгилүү орус куудул айымы Елена Воробей өзүнүн театры менен келип концерт берет.
29-августта Кыргыз циркинде Кремль циркинин оюн-зоогу башталат. Бул туурасында Кыргыз циркинин жетекчисинин орун басары Кадыр Таджиев кабарлады. Анын айтуусунда программада маскарапоздордун оюндары өзгөчө.
30-31-августта Бишкекте ырчы Сьездбек Искеналиевдин жеке концерти өтөт. Концертти Динара Акулова баштаган бир катар ырчылар коштойт.