Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстанга берилген белектер көргөзмөсү ачылды


Тарых музейинде “Кыргызстанга берилген белектер” аттуу көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстандын өлкө башчыларына берилген белектер коюлган.

Кыргызстанды жетектегендердин бири, мамлекеттик ишмер Искак Раззаковдун демилгеси менен мамлекетке берилген белектер 1951-жылдан баштап тарых музейине тапшырылган. Ошондон тарта бул салт уланып, ушул күнгө чейин өлкө башчыларынын алган белектери тарых музейинде сакталат. Ал эми аталган музей ал белектерди тандап, жыл сайын көргөзмө уюштуруп келет. Бул жолу көргөзмөдө жалпысынан 200 дөй экспонат коюлган.

Музейдин сактоочусу Акылай Шаршеналиева көргөзмөдө коюлган белектерди көрүү менен кайсыл учурга тиешелүү экенин билсе болоорун айтат:

- Белектер да улам өзгөрүп турат экен да. Совет доорундагы белектер көбүнчө Ленин, Сталин, Маркс, Энгельстин сүрөттөрү килемге, жыгач бетине оймолоп-саймалап түшүрүлгөн. Ал эми кийинчирээк, эгемендүү мамлекет болгондон кийин мындай жалпы экспонаттарга өттүк да.

Өлкө башчыларына түшкөн белектердин көпчүлүгүн сайма сайылган сырт жана баш кийимдер түзөт. Ошондой эле килемчелер, кооздук буюмдары бар. Ал эми келген көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган белектер туурасында Акылай Шаршеналиева буларды айтты.

- Курманбек Бакиевге келген белектердин арасында хрустальдан жасалган шахмат бар, ошондой эле баалуу таштан жасалган статуеттер бар. Ошондой эле өзгөчө нерсе Казакстандан келген, көчмөндөрдүн турмушун чагылдырган, алтындан жасалган экспонат бар.

Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр белектерди эле көрбөстөн, мына ошол белектерди кандай, кайсыл учурда ким тапшыргандыгын чагылдырган жана маанилүү учурларды көрсөткөн фотосүрөттөдү да көрө алышат.

Тарых музейинин фондунда өлкө башчыларына берилген белектерден тышкары дагы мамлекеттин белгилүү инсандарына тактап айтканда Ахунбаевге, Кубанычбек Маликов, Муратбек Рыскуловго келген белектер бар.

Акылай Шаршеналиеванын айтуусунда, алардын баарын коюуга орун жетишпейт. Ал эми бул буюмдар тарых музейинде экспозиция толугу менен ачылганда өз ордун ээлейт.
XS
SM
MD
LG