Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Жапон маданиятына арналган фестиваль


Кыргыз -Жапон борбору уюштурган маданий иш-чаранын алкагында ар кыл оюн-зооктор уюштурулуп, коноктор жапон дасторконунан даам сызышат.

Салтка айланган бул фестиваль бир нече бөлүктөн турат. Жапон оюндары бир жерде көрсөтүлсө, экинчи жерде адистер жапон тамак-аштары жана анын жасалуу ыкмасы менен тааныштырат.

- Ал жерде жапондордун улуттук тамак-аштарынын бир канча түрү көрсөтүлөт. Мисалы котлетке окшогон коробки деген тамак болот. Аны картошка жана капустадан жасайт. Ошондой эле таттуулардын ооз тийишет,- дейт фестивалдын координатору Венера Мелисбек кызы

Көркөм өнөр күйөрмандары фестивалдан ошондой эле жапон көркөм өнөрүндөгү икебана жасоону жана кагазда, кездемеде тушь менен сүрөт тартуу сабактарына катыша алышат. Ал эми фестивалдагы эң негизги иш-чара бул жапондордун Бон бийинин сынагы. Бул сынакка 15 катышуучу катталган.

Сынактын катышуучуларынын көпчүлүгү жаш кыздар. Алардын арасында бир гана 60 жаштагы Елизавета аттуу айым бар. Анын айтуусунда жапон бийлери бир да элдин бийлерине окшобойт:

- Мен атайын Кыргыз-Жапон борборуна кайрылып, жапондордун бон бийин үйрөнүүнү туура көрдүм. Бул бийдин өзгөчөлүгү мында өтө чукул кыймылдар колдонулбайт. Баардык кыймылдар жай гана аткарылгандыктан кичинекей балдар да, кары адамдар да оңой үйрөнө алышат.

Бон бийи жапондордун белгилүү бийлеринин бири. Мурда бул бий маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө колдонулган. Азыркы күндө жай мезгилин узатуу аземи катары түшүндүрүлөт. Ал эми мына ушул фестивалдын катышуучуларына бон бийин үйрөтүп жаткан жапон айымы Эрико Акаси даярдыктар башталган алгачкы күндөрү кыйын болгонун айтат:

- Жапондордун салттык бийлеринин негизги өзгөчө эрежелери бар. Андыктан алгач катышуучуларга түшүндүрө албай, түшүндүрсө алар жасаша албай бир топ эле кыйналдык. Азыр жумасына эки-үч ирет машыгып, үйрөнүп, бир жагынан көнүп да калышты.

Жапон маданиятына арналган фестиваль 12-сентябрда саат 16.30 да башталып 19.00 гө чейин созулат. Уюштуруучулардын айтуусунда бул иш-чара жылына өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG