Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

“Чыңгыз менен Бүбүсара”


Ушул күндөрү Бишкекте “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу тасма көрсөтүлүүдө.

Драматург, режиссер Жаныш Кулмамбетов тарткан бул тасмада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ыйык махабаты даңазаланат.

Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсү туурасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов “Чыңгыз менен Бүбүсара” пьесасын жазган. Андан кийин Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында спектакль койгон.

-“Экөөнүн сүйүүсү жөнүндө эл оозун¬да бир топ сөздөр айтылып жүргөн. Айтматов өзү “Аскада калган аңчынын ыйы” китебинде анын баарын ачык жазгандан кийин мен да ошол уккандарымды кошуп жазайын деп бел байладым”- дейт автор.

Бул чыгарма алгач спектакль болуп коюлганда көрүүчүлөр жакшы кабыл алган. Андан соң Жаныш Кулмамбетов тасма тартууну туура көргөн. Анда режиссер белгилүү эки инсандын улуу махабатын даңазалаган. Фильмде башкы ролго, Чыңгыз Айтматовдун образын жаратуу үчүн каармандарга тандоо жүрүп, улуу инсандын ролун ойноону көздөп келгендердин саны арбын болгон.

Алардын арасынан Чыңгыздын жаш кездеги ролун жаратуу бактысына Азамат Калман ээ болгон. Ал эми кийинки кезин Темирлан Сманбеков аткарган. Ал эми жазуучунун сүйгөнүнүн образын, башкача айтканда белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ролун Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрынын актрисасы Махабат Байгабылова жараткан. Ал бул образды ойноо үчүн маркумдун жакындары менен баарлаштым деп билдирди:

-Санаалаштары, чогуу иштешкендери болот экен. Алардын бири Сапарбек Абдужалилов агай менен көп иштештим. Ошондой эле кино тартылып жатат десем, билгендер да, билбегендер да ал адам тууралуу айтып беришти.

Сөз болуп аткан тасма "Манас" кинотеатрында бир айдан бери жүрүүдө. Фильмге келген көрөрмандар ар кыл курактагы адамдар. Тасма аякатаган соң көрүүчүлөрдүн бири Галина Сүйүнбаева менен баарлашканыбызда ал көздөрүнө жаш алуу менен буларды сүйлөп берди.

-Мен Бейшеналиеваны көзүү тирүүсүндө таануучу элем. Абдан назик,адамгерчиликтүү жакшы жан эле. Ушундай өмүрү кыска экен.
Негизинен тасманы кеңирирээк тартышса болмок экен. Бүьбүсаранын бир баласы калды ошол тууралуу, Чыңгыздын үй-бүлөсү жөнүндө кичине эпизоддорду көрсөтпөй, көбүрөөк чагылдырышса болмок.


Фильм жаралгандан кийин коомчулук арасында ар кыл пикирлер, пайда болду. Башкача айтканда сын-көз караш менен карап, мындай фильм жаратуунун зарылчылыгы жок болчу, улуу адамдардын сүйүүсүн бүткүл журтка даңазалоонун эмне кереги бар эле дешсе кээ бирлери тескерсисинче каршы эместигин айтышат. Мисалы Сагыйпа Ормушова:

-Залкар кишилер деле биздей эле адамдар да. Аларда да жүрөк бар, алар эмне сүйбөйт бекен”- деген пикирин айтты.

Ал эми кыргыз кино департаментинин жетекчиси Абибила Пазыловдун айтуусунда режиссер тасмада биздин арабыздан өтүп кеткен эки инсанга сөз тийгизбей улуу махабаты чагылдырган.

“Чыңгыз менен Бүбүсара” тасмасы Бишкекте бүгүн жыйынтыкталат. Режиссер кабарлагандай бул фильм элет жериндеги кино күйөмандарына да тартууланат.
XS
SM
MD
LG