Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бул жумада Ч.Айтматов атындагы орус драма театры кайрымдуулук акцияларын баштайт.

Анын алкагында спектаклдер жана концерттер тартууланарын билдирди аталган театрдын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова:

-75-театралдык сезонунда орус драма театры буга чейин жасап келген салтын улап, кайрымдуулук акциясын уюштуруп, спектаклдерди акысыз көрсөтөт. Бирок буга чейин ар жуманын шаршембисинде болсо, эми бир айда бир гана жолу уюштурабыз. Жаңы-жаңы оюндарды көрсөткөнгө аракет кылабыз.

14-октябрдан тарта17-октябрга чейин Бишкекте көчө театрларынын фестивалы өтөт. Бул туурасында “Место Д” театрынын жетекчиси Сергей Лысенко кабарлады. Анын айтуусунда, иш-чаранын жүрүшүндө бир эле учурда борбордун ар кайсы жерлеринде оюндар көрсөтүлөт. Ал эми театр күйөрмандары спектаклдерди көрүп эле тим болбостон, актер болом дегендер өнөрүн таанытканга мүмкүнчүлүк алышат.

15-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармония концерттик сезонду ачат. Анда келген көрүүчүлөр бир катар жаңылыктарга күбө болушаарын айтат улуттук филармониянын маалымат менеджери Светлана Фитоленко:

- Программага улуттук филармониянын бардык чыгармачыл жамааттары катышат. Алардын катарында Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамбли, “Ак Марал” бийичилер ансамбли бар. Кеченин жүрүшүндө жаңы элдик аспаптардын бет ачаары болот. Ошондой эле келген көрүүчүлөр белгилүү кыргыз музыканттарынын сүрөттөрүнөн жасалган галереяга күбө болушат.

17-октябрда улуттук концерваторияда салтка айланган джаз музыкасынын “Джаз-Бишкек-Күз” аттуу концерт өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу Каныкей Муктарова билдиргендей концертке кыргызстандык джаз музыканттары Таалай Бейшеев, Александр Юртаев, Александр Акимов жана башкалар катышат. Ошондой эле Ташкенттен Тамила Курмакаева аттуу ырчынын келери күтүлүүдө.

Бул концерт менен катар эле улуттук филармонияда “Гендел, Гайдн, Менделсон” аттуу доолбордун жыйынтыктоочу концерти болот. Ага филармониялык камералык оркестр катышарын айтты жетекчиси Нур Омурбаев:

-Бул концерттик программаны Кыргызстанда биринчи ирет тартуулаганы турабыз. Биздин оркестр негизинен батыш европа музыкасына ыктайбыз. Андыктан келген көрүүчүлөр модерн стилиндеги музыкаларды уга алышат.

Нур Омурбаев ошондой эле өз сөзүндө бул концертке Америка, Германия өлкөлөрүнөн музыканттардын келерин кошумчалады.

17-октябрдан тарта кыргыз циркинде Москвадан келген цирк артистеринин “Муз үстүндөгү цирк” аттуу оюн-зоогу башталат. Андагы оюндар туурасында координатору Илона Попова буларды билдирди.

-Программага келген көрүүчүлөр аба гимнастарынын, маскарапоздордун өнөрлөрүнө күбө болушат. Ошондой эле үйрөтүлгөн аюу, арстандардын муз үстүндөгү номерлерин көрө алышат. Оюн-зоок 2 жарым саатка созулат.
XS
SM
MD
LG