Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Бишкекте “Рождество жомогу” аттуу концерт өтөт


Улуттук филармонияда Кыргызстан, АКШ жана Украинанын музыканттарынын катышуусунда концерт өтөт. Эл аралык музыканттардын катышуусунда алгачкы ирет уюштурулуп жаткан бул кече Иса пайгамбардын туулган күнүнө жана жаңы жылга арналууда. Бул концертке АКШдан дирижер Рожер Макмерин жана Киевдин симфониялык оркестри менен хорунун 16 солисти келет.

Мамлекеттик филармониялык камералык оркестрдин жетекчиси Нур Омурбаев кабарлагандай, кеченин программасы оркестрдин аткаруусуна ылайыкталган 20дан ашуун салттык Батыш Европа Рождество чыгармаларынан турат. Ошондой эле белгилүү классиктердин музыкалары ойнолот.

Киевдин симфониялык оркестри менен хору Бишкекке биринчи ирет келишүүдө. Алар өз өлкөсү менен бирге чет элдик музыка күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ деп билдирет Нур Омурбаев:

- Алар Америка, Германия, Францияга чыгып, концерт беришет. Алар көбүнчө Батыш Европа өлкөлөрүнө чыгармачылык сапарга чыгышат.

Соңку убакта Бишкекте четтен келген көркөм өнөр адамдарынын катышуусундагы кечелер тез-тезден өтө баштады. Мунун өзү жакшы жөрөлгө. Мындай концерттердин ар тараптан таасири күч жана маданий алаканы чыңдоодо ролу чоң экендигин айтат Улуттук концерваториянын проректору Уразбай Иманалиев:

- Музыкада чек ара жок экенин бардыгыбыз билебиз. Андыктан бул маданий иш-чаралар угармандар үчүн да, музыканттарга жана мына ошол көркөм өнөр адамдарын окутуу мекемелерине да жакшы таасирин берет. Башкача айтканда, биздин окутуучулар жана студенттер чет элдик музыканттар менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк алышат.

Филармониялык камералык оркестрдин жетекчиси Нур Омурбаев билдиргендей келечекте дагы бир катар эл аралык музыканттардын катышуусунда кечелер өтөт. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле Филармониялык камералык оркестрдин концерттери жүрүп турат.

Омурбаевдин айтуусунда 2007-жылы түзүлгөн Филармониялык камералык оркестр классика-модерн стилиндеги музыкаларды кеңири багытта ойногондугу менен айрымаланат.

- Биздин оркестр салттык классиканы да, жаңы классиканы да ойнойт. Ошондой эле 21-кылымдын классикасын да ойноп, универсалдык оркестр болуп эсептелет.

Филармониялык камералык оркестрдин алдыдагы пландарында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган программасы менен Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө концерт берүү ниети бар.

Сүрөттөр kyrgyzdar.kg интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG