Жаңырган жылдын май айында Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюму 75 жылдык мааракесин белгилейт.
Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмунун 75 жылдык мааракесине карата көргөзмөлөр уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүлөрү чет элдик кыл калем чеберлери менен пленерге чыгышат.
Кыргыз Республикасынын жаштар иши боюнча департаменти жарыялаган Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи март айында болот. Байгелер 11 номинация боюнча ыйгарылып, ар бир жеңүүчүгө диплом жана 40 000 сом ыйгарылат.
Пермьде бул жумада муз айкелчилиги боюнча фестиваль уюштурулду. “Улуу жеңиштин мураскорлору” деп аталган бул иш-чарага 16 жаштан 25 жашка чейинки айкелчилер катышып, Улу Ата Мекендик согушту чагылдырган эмгектерди жаратышкан.
Орус режиссеру Павел Лунгиндин “Царь” аттуу тасмасы Францияда көрсөтүлөт. Маалыматтарга караганда Канн кинофестивалында жакшы баага татыган орус режиссерунун бул тасмасын жергиликтүү тургундар чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Москвада бул жумада “Кайрылуу” деген аталыштагы камералык музыканы 13- фестивалы жыйынтыкталды. Иш чара салтка айлангандай талапкерлердин чоң программадагы концерти менен жыйынтыкталган.
Эрмитаж музейине кирүү үчүн четтен келгендерге билеттин баасы кымбаттады. Буга чейин башка өлкөнүн жарандары музейге 350 рубль менен киришсе, эми мындан ары 400 рубль болот.
Лос-Анжелестеги заманбап көркөм өнөр музейинин жетекчилигине Джефри Дейтч дайындалды. Аны талапкерлигин музей жетекчилеринин кеңеши колдогон. Ал буга чейин бир галереяны жетектеген.