Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

“Сөйкө” кинотасмасынын бетачары өтөт


Жакын арада Кыргыз кино үйүндө жаш кинорежиссер Наргиза Маматкулованын “Сөйкө” кыска метраждуу көркөм тасмасынын бетачары өтөт. Аталган кинотасмада ата-баба каада-салттарынын айрым уюткулуу үлгүлөрү көтөрүлгөн.

Жаш кинорежиссер Наргиза Маматкулованын бетачары өткөнү жаткан 20 мүнөттүк “Сөйкө” кинотасмасы Швейцариянын кызматташтык уюмунун кино тармагына каралган долбоорунун жана Кыргыз кино департаментинин колдоосу менен тартылды.

Учурда Наргиза Маматкулова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин магистратурасында билим алуу менен, ал жерде эмгектенүүдө.

Жаш таланттын “Сөйкө” кинотасмасынын бетачарын Кыргыз кино жетекчилиги жана "Манас" университети биргеликте өткөрүп жатат.

Наргизанын “Сөйкө” кыскаметраждуу кинотасмасы тууралу Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов төмөнкүдөй оюн билдирди:

- Наргиза кино айдыңында өзгөчө талантын көрсөтүп келаткан талант. Ал эл аралык фестивалдарда бир катар жеңиштерге жетишип келатат. Анын бетачары өткөнү жаткан “Сөйкө” кыска метраждуу кинотасмасы – балким кийинки убакта унутулуп бараткан, бирок жакшы салттарыбыздын бири болгон кызга сөйкө салуу, эки жаштын ата-энелердин, улуу чөйрөнүн жардамы менен таанышып, андан ары бактылуу түтүн булатып кетиши тууралу чыгарма болуп саналат. Жаш кинорежиссер тасмадагы жаштардын, улуулардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн кинонун кайталангыс тили менен бералган.

“Сөйкө” кыска метраждуу кинотасмасы Баткен облусунда тартылды. Фильмди тартуу менен кандай ойду айткысы келгенин Наргиза Маматкулова “Азаттыкка” төмөнкүчө кеп салды:

- Чыгармамдын сценарийи адеп башынан эле Кыргызстандын түштүк элинин каада-салттарына арналып жазылган. Ошондуктан биз бул кинотасманы Баткенден тарттык. Фильмде көтөрүлгөн идея – кыз баланын башынын эркиндиги, өз укугуна ээлиги.

Наргиза Маматкулованын 2009-жылы Бишкекте өткөн жаш кинорежиссерлордун “Үмүт” кинофестивалына катышкан 17 мүнөттүк “Топташ” кинотасмасы “Мыкты режиссура” номинациясы боюнча жеңишке жетишкен болчу.

“Топташта” да Наргиза Мамткулова ата-баба каада-салттарынын, көркөм дүйнөсүнүн улуулугун бүгүнкү урпактардын эсине салат:

- Мен бул кинотасмамда – адам канчалык ар тараптуу жетишпесин, зоболосу бийиктеп, кандай бир укмуш жашоого жетпесин, эгерде ал ата-баба жолун тутунбаса, аны баалап-барктабаса – ал улут айдыңында чыныгы урпак болалбайт деген ойду бергем.

Ал эми алдыдагы чыгармачылыгы боюнча Наргиза Маматкулова буларды айтты:

- Мен бир топ кыскаметраждуу кинотасмаларды тартуу менен өзүмдү көлөмдүү көркөм тасмаларды да жаратууга даярдап келатам, албетте. Максаттарым чоң. Келечекте көркөм фильмдерди да тартам буйруса.

XS
SM
MD
LG