Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Бишкекте мода жумалыгы башталды


“Витлайн” промоушн борбору уюштурган иш-чарага 30дан ашуун дизайнерлер катышып, кийимдер топтомун сунушташууда. Аларды эл аралык деңгээлдеги мода чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен катар жергиликтүү мода ишмерлери сындашат.

Мода жумалыгынын программасына ылайык 16-марттан 18-мартка чейин жаш дизайнерлердин сынагы болот. Алар ар бир күнү, ар кыл аталыштар боюнча кийимдер топтомун сунушташат. 16-мартта Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин дизайнерлери, Бишкектеги “Бүкөн Арт” студиясы жана башка дизайнерлер заманбап этника, авангард номинациялары боюнча кийимдерди сунушташты.

“Бүкөн Арт” студиясы Кыргызстанда өтүп жаткан мода жумалыктарына жыл сайын катышат. Студиянын жетекчиси Айдай Асангулова бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып, кийизден тигилген кийимдер топтому туурасында сүйлөп берди.

- Кыргыздар илгертеден эле табигый түстөрдү колдонуп келишкен да. Асман менен жерди, тоо менен таштын өңдөрүн колдонгонбуз. Негизи формалары - боз үйдүн элементтери. Мисалы, эшик, туурдук, үзүк - ушулардын формаларын чагылдыралы деп аракеттенгенбиз.

Жалпысынан мода жумалыгына 30дан ашуун дизайнерлер катышууда. Ошондой эле жумалыктын жүрүшүндө Кыргызстанда белгилүү болуп калган Татьяна Воротникова, Зухра Мукамбетова, Галина Байкова, Дилбар Ашымбаеванын иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлөт. Модельер-дизайнерлердин жана уюштуруучулардын айтуусунда жылдан-жылга катышуучулардын да көрөрмандардын саны артууда. Ал эми ал көрөрмандар ар бир жумалыктан жаңы ачылыштарды күтүшөөрүн айтышат.

-Менин атым Астра. Мен бул жумалыктан жаш дизайнерлерден жаңы идеяларды, жаңы көз караштарды күтүп жатам.

-Менин атым Эркинай. Мода жумалыгына убактым болгондо келип турам. Кийинки убактарда дизайнерлер кыргыздын оюм-чийимин салып жакшы кийимдерди тиге башташты. Мен ал кийимдерге кызыкканым менен баасы кымбат болуп жатат.

“Витлайн” промоушн борбору мода жумалыгын жылына эки ирет уюштурат: жазында жана күзүндө. Бул жолу четтен эксперт катары Дубай, Франциядан жана Орусиядан эксперттер келишкен. Аталган борбордун жетекчиси Виталинко Борзенконун айтуусунда, жеңүүчү деп табылган дизайнерлер четте өтүп жаткан мода жумалыктарына жолдомо алышат.

-Биз менен азыр Евразиялык мода жумалыгы кызматташып жатат. Бүгүн эле Дубайдагы мода жумалыктарын уюштуруучулар менен сүйлөштүк. Ошондой эле Делидеги мода ишмерлери менен байланышыбыз бар. Андыктан эл аралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүбүз жаман эмес.

Мода жумалыгы 21-мартта сынакта жеңүүчүлөрүн сыйлоо жана эң мыкты деген кийимдер топтомунун көрсөтүүсү менен жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG