Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Бүгүн Бишкек шаарынын күнү


Бишкекте жакында Чернобыл трагедиясын эскерген эстелик ачылды
Бишкекте жакында Чернобыл трагедиясын эскерген эстелик ачылды

Бүгүн 29-апрелде Бишкек шаарынын 131 жылдык мааракеси белгиленет. Шаардын бардык райондорунда, борбордук аянтта жана борбордун гүлбактарында майрамдык иш-чаралар өтөт.

Саат 10 до “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда кыргыз артисттеринин катышуусунда кайрымдуулук концерти жана театрлаштырылган оюндар болот. Бул иш-чарага Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучулары жана эмгек ардагерлери катышат.

Саат 13 тө Улуттук китепканада “Бишкек – куттуу коломтом” аттуу сүрөттүү китептердин көргөзмөсү ачылат.

Бишкектеги Ленин атындагы мамлекеттик тарых музейинде Кыргызстандын байыркы алтындарынын көргөзмөсү болот. Андан көрөрмандар аялдардын байыркы алтын жасалгаларын жана алтындан коюлган эстеликтерди көрө алышат. Аталган көргөзмө Балдардын чыгармачылык борборунун кайрымдуулук концерти менен уланат.

Бишкектин "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында Панфилов атындагы гүлбактын жаңыланышынын ачылышы болот. Гүлбактын ачылышына өлкө президенти Курманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Бишкек шаар мэрлигинин маданият бөлүмүнүн башчысы Малдыбай Каипов “Азаттыкка” бүгүнкү иш чаралар тууралу буларды маалымдады:

- Саат 11 ден баштап Бишкектин “Октябрь” кино театрынан эски борбордук аянтты көздөй эки жарым миң шаар тургундарынын майрамдык жүрүшү башталат. Алар аянтка жеткенде, ал жерде майрамдык концерт жана спорт оюндары башталат. Андан ары майрамдык иш-чаралар кечки саат 22 ге чейин мамлекеттик циркте, опера жана балет театрында уланат.

Бишкек шаарынын 131 жылдык мааракеси кечке маал борбордун театрларында концерттер, театралдык оюндар менен уланат. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда кечки саат 18 де баштала турган гала-концерттин программасына филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаев төмөнкүчө токтолду:

- Биз эми бул гала-концертти фольклордук ыр-күүлөр менен кошо эстрадалык программаларды аралаштыруу менен түздүк. Мында “Камбаркан” фольклордук тобу, “Ак марал” бий ансамбли анан аскердик оркестр катышат. Алар Бишкек шаары жөнүндө, Ата-мекен тууралуу чыгармаларды тартуулашат.


Бишкек өз мааракесин шаттана белгиледи
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00



Тасма: Бишкек өз мааракесин шаттана белгиледи


Ордо шаардын улан-кыздары жана улуу муундагы калкы байтактынын 131 жылдык мааракесин 2009-жылдын 29-апрелинде шаттануу менен майрамдады. MiT.

XS
SM
MD
LG