Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Р. Отунбаева: Бийлик таза шайлоодо ута албайт


БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Роза Отунбаева бийлик таза шайлоо менен жеңе албасын билип, алдын-ала добуш берүүнү массалык бурмалоо менен баштады деп сынга алууда.

- Роза Исаковна, Жалал-Абат облусунда кандай максат-мүдөө менен жүрөсүз?

- Шайлоого төрт күн калды. Президенттик жарыш алдында элдин маанайын билели, БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевдин жолугушууларынын жыйынтыктары тууралуу айтып берип, элдин духун көтөрүү максаты менен келдик.

- Кыйла жерди кыдырыпсыз, элдин президенттик шайлоого мамилеси кандайча болууда?

- Элдин маанайы абдан жакшы экенин Аксы районунда, Таш-Көмүр жана Кочкор-Ата шаарларында жолугушуп көрдүк. Эл шайлоого даярданып атыптыр. Таза шайлоо болсо экен деген үмүттөрү чоң, бирок, элдин кооптонулары да бар экен. Жер-жерлерде, Кочкор-Атада Атамбаев жөнүндөгү жарнакты илгенге уруксат бербей, коркутуп-үркүтүп атканын көрүп атабыз. Бирок, менин оюмча, жалпы оппозициянын духу абдан жогору, күчтүү. Бир ай мурда башталган үгүт өнөктүгүнүн жыйынтыгы боюнча эл биз жакка ооду десек, эч ким жаңылбайт.

- Демек, абал мындай жакшы болгон соң, кооптонууга негиз жок экен да, анда?

- Эл биз добушубузду беребиз деп айтып атат, ошол добуштарды сактап калыш керек деп атат. Биз өзүбүздүн координаторлор менен бүгүн жолугуштук. Алар эл биз тарапта деп атышат. Ошол эле учурда күч бийликтери ооштурулуп жатканын да уктук. Ташкөмүрлүктөрдү башка жакка алып кетип атат, башка жактан быякка алып келип атат,- дешип бийликтин маневрларын айтып беришти, бизге.

- Жеке сиздин ишенимиңизде, президенттик шайлоо калыс өтөбү?

- Таза өтөрү абдан күмөндүү. Шайлоонун алдында, өзгөчө Бишкек шаарында, массалык фальсификация башталды. Ал жерде бир топ ири-ири мекемелерде алдын ала добуш берүү башталды. Ачык, жашыруун добуш берүү деген жок. Начальниктердин көз алдында добуш берүү - күчкө салуу менен жүргөн процесс. Эл аралык байкоочулар анны көрүп, абдан таң калып, ушундай мүмкүнбү десе, алар айтышты, Ооганстандан көргөнбүз, башка эч жерден мындайды көргөн эмеспиз деп. Ушунчалык орой, эч кимге баш бербей жасап атканы – бул жакшылык менен бүтпөйт деген сөз.

- Бийликтин сиз күмөн санаган башка кемчиликтерин да байкай алдыңызбы?

- Сөзсүз, биз көрүп турабыз. Элдин маанайы биз тарапта болуп атса. Таласка А. Атамбаев менен бирге барып келдик, БЭКтин бир топ мүчөлөрү. Өтмөктөн баштап Манас районуна чейин тирүү коридор , кичинекей балдар Атамбаев деп жарнактар менен жүрдү, желектер менен турушту. Элдин баары жылуу кабыл алышты.

Артыбыздан эртеси эле Бакиев өздүк самолету менен учуп келди, ошо жерге. Атамбаев кайсы жерге барса, ошо жакка барып атат. Биз билебиз, бул бийлик эбегейсиз көп курал сатып алган, эбегейсиз чоң мамлекеттик күзөт дегенди түзгөн, өзүнүн бир тууган иниси башкарып атат. Бул бийлик таза шайлоодо ута албайт.

Ошондуктан менин күмөн санаганым- таза шайлоого бул бийлик шарт да түзө албай койду. Таза шайлоодо ута албасын көрүп жатат. Таза шайлоо болтурбоого чоң аракет жасап жатат. Ошондуктан, Кыргызстанда бул жолу шайлоо таза өтөрүнө кепилдик бере албайм.

- Президенттик шайлоону кантип таза өткөрүүгө болот?

- Шайлоо деген бардык талапкерлерге калыс болуусу керек. Азыр минтип участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөүн сатып алып. Мына, шаарда түз эле айтып атышат, « кыйнабагыла, сатып алгыла, эч ким болбосун деп. Кыргызстан боюнча жүз пайыз райондук – участкалык шайлоо комиссиясы бар болсо, ошолордун токсон, токсон проценттен ашыгын булар ээлеп атышат. Ушундай учурда эмне таза шайлоо болобу? Болбойт эч качан!

- Ошол мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча БШКга же президенттке, же башка уюмдарга кайрылып көрдүңүздөрбү?

- Ой эми андай жүз кат жазылды да. Аларга канча жолу телефон чалынды. Алар менен канча жолу сүйлөшүлдү. Мен өзүм мисалы, шаар жетекчиси Түлеевге айтттым, момундай-момундай кемчиликтер деп.. Шаар акимдери, орунбасарлары биз шаарда жүргүзүп жаткан жолугушууларга ажаан аялдарды жиберип, атайын топторду бусик менен алып келип, ортобузга салып, чагымчылык жасап атканын, акимдер болсо, участкалык комиссиялардын мүчөлөрүн коркутуп- үркүтүп, кеткиле, эртеңки күнүңөрдү ойлогула деп атканын көрүп отуруп, ушулардын баарын айттык.

Биздин абдан күчтүү юридикалык топторубуз бар, адвокаттарыбыз бар. Биз өткөргөн жыйында эки баланы камап коюшту, азыр он беш күндүк камакта жатат жөн эле. А эмнеге? Бакиев, мисалы баягүнү Таласка барганда, жолугушууларына СНБ менен ИИМ тизме менен киргизет, жөргөмүш да кире албайт,ошо жерге. Биз кеткен күнү, он сегизинде Киров суу сактагычынын жанында ошондой жолугушуу болуптур эл менен, баары өтө катаал тизме менен, эч ким аякка кире албайт.

Биз ачык-айкын өткөрөбүз ошондой митингдерди. Булардын баары жүз жолу айтылды. Бирок бул азыр-керең бийлик, көзүн май баскан, булар болсо кайсы президент кайсы винону жакшы көрөт экен деп, 1- августка даярданып атышат. Булар «жеңиш чөнтөгүбүздө, президенттин 60 жылдыгына – 60 процент чөнтөгүбүздө, минимум 60 пайыз ошону менен жеңишке келебиз» деп башы айланып турган бийлик….

- Бийликтик кемчилик жактарын уктук. Өзүңүз сүрөгөн оппозиция кандай кемчилик кетирип жатканын да айта аласызбы?

- Биз деле чоң күчпүз деп айта албайбыз. Анткени, биз жаңы кошулдук. Бул Кыргызстан үчүн көрүнүктүү факт. Жылдар бою оппозиция бирикпеген болчу. Эл эңсеген, «ай кошулсаңарчы, кошулсаңар күч болосуңар» деген нерсе биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Кошулдук, чоң партия болобузбу, чоң шайлоого даяр бололу деп умтулуп атабыз.

Капыстан кошулган адамдар кетти. Алар жөн эле « парламентке кирем, жөн эле бийликке илинип каламбы дегендердин баары азыр коркунучта болгонун сезип…

Жалгыз эле Атамбаев үчүн эмес, Кыргызстан демократиялык жол менен кетсин, үй-бүлөлүк, криминалдык башкаруу токтотулсун!» деген адамдар тандалып калды. Ошондой адамдар калды. Жалаң эле Атамбаев үчүн эмес, биз – кыймыл үчүн, кыймылдын жеңиши үчүн турган кезибиз.

-Жообуңузга чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG