Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Каржы кризисинин эпкини Кыргызстанга да тийе баштады


Дүйнөлүк каржы кризисинин жагымсыз желаргысы Кыргызстанды да кыйгап өтпөй, терс таасирин тийгизээри айтылып келет. Эмгек мигранттарынан келчү акчанын азайышы анын алгачкы эпкини катары белгиленүүдө.

Экономисттер Кыргызстанда экономикалык кризис башталды, ал эми каржы кризиси босогодо турат, деп добулбас кагышууда. Жаңы жылдын февраль-март айларында болоору күтүлүп жаткан каржы кризиси эң биринчи кезекте банк тармагын кокодон алат, деп белгилеген экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров мына ушул каржы кризисинде эң ириде банктардан кредит алгандар жана депозит салгандар жабыркашы ыктымал, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда бүткүл дүйнөнү каптап келе жаткан каржы кризисинен жеңилирээк чыгуусу үчүн Батыш өлкөлөрү түрдүү аракеттерди көрүп жатышкан учурда, бизде бул тууралуу сүйлөгөндөн чочулап турушат:

- 1 евро 1 АКШ долларына барабар деген –мунайдын баасынын түшүп кетүүсү деген сөз. Өзүңүздөр билесиздер Орусия менен Казакстан биздин негизги экономикалык өнөктөштөр. Алардын экономикасындагы көйгөйлөр күчөп кете турган болсо, бизге аябай эле кыйын болуп калат. Ошондуктан, мен өкмөттүн атынан айтып атам, Улуттук Банк элге болбосо да, өкмөткө айтышы керек, жыл аягына чейин канча пайыз инфляция болорун ачык айтууга тийиш.

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, каржы кризисинин капсалаңынан банктан кредит алган жана депозит салган эл 15,7 млрд сомго күйүшү ыктымал.

Каржы кризиси менен бирге ачарчылык башталуу коркунучу да бар экендигин эл аралык уюмдар да тынчсыздануу менен белгилешүүдө. Жардам көрсөтүү менен алектенген эл аралык “Оксфам” тобунун “Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө” карата чыгарган баяндамасында, бул жылы тамак-аш баалары дагы 120 млн. элди ачкачылыкка мажбурлайт деп билдирген. Азык-түлүккө баанын асмандашы өзгөчө жакыр жашаган эл үчүн кыйын болот, алардын арасында Кыргызстан да бар, дешет байкоочулар.

Кыргыз өкмөтү болсо быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздугу болбойт деп билдирүүдө. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 800 000 тоннадан ашуун буудай жыйналып алынды.

Мындай көрсөткүч менен биз быйыл ачка калбайбыз, деп билдирген “Азаттыкка” 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев:

-Өзүбүздө быйыл 840 миң тонна буудай өндүрүлдү. Андан тышкары сырттан дээрлик 1 млн. тоннага жакын буудай алынып келинет. Ошондуктан мен ойлойм, быйыл азык-түлүк коопсуздугу бизге коркунуч туудурбайт, токчулук, молчулук болот.

-1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча быйыл азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу үчүн мамлекет дыйкандарга чоң көмөк көрсөттү.

Каржылык кризистин өзгөчөлүгү – элдин колунда акча болбой калуусу ыктымал, дейт ун салуучу “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча быйылкы жылы Кыргызстанда ун-дан азыктарына жана картошка боюнча азык-түлүк коопсуздугу болушу мүмкүн эмес:

-Инфляция кандай таасирин тийгизет, азырынча белгисиз, ошондуктан, тескерисинче элде азык-түлүк сатып алууга акча болбой калуусу мүмкүн. Ал эми буудай менен картошка бизде арбын жыйналды, булар жетишсиз болот деп чочулоого негиз жок.

Октябрь айынан тартып Кыргызстанга сыртта жүргөн эмгек мигранттарынан келип жаткан акча көрүнүктүү деңгээлде азайган. Каржы кризисинин айынан Орусиядагы, Казакстандагы ири масштабдуу курулуш иштери токтоп калгандыктан, анда иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн да оор болуп жатканы айтылууда. Мындан ары Кыргызстанга сырттан келип жаткан акча 300-400 млн доллар өлчөмүндө азаят, бул болсо өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн артка тартат.

Мындай пикир ээлеринин бири, каржы боюна эксперт Дастан Кадыров “Азаттыкка” билдиргендей, мындан салык тармагы да жабыркайт:

-Сырттан келип жаткан акчалар ар кайсы максаттарга жумшалат. Андан өз кезегинде салык төлөнөт. Мына эми акчанын азайуусу – салыктын да азайуусуна алып келет,

Дүйнөлүк базарда болсо күн өткөн сайын мунайдын, алтындын, буудайдын жана башка баалуу заттардын нарктары төмөндөөдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG