Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Эми жолдор да сатыкка түшөбү?


Анаш Сейитказыев - ЖК депутаты
Анаш Сейитказыев - ЖК депутаты

Өкмөт Жогорку Кеңешке автожолдордо жүрүүгө акы төлөө системасын киргизүүгө негиз берчү мыйзам долбоорун сунуш кылды. Бул долбоордун тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейитказиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Анаш мырза, бул долбоордо кайсы жолдордо жүрүүдөн акы алынаары, канча алынаары, дегеле бул иштин жол-жобосу ачык бекен?

- Жол-жобосун бизге сунуштап атышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар бир регионунда автожолдорубуз эң негизги жолдор болуп атпайбы. Темир жолубуз болгону 220 чарчы чакырым, Ош менен Бишкектин ортосунда участкалык жолдорубуз бар. Негизги тоолуу аймакта бүт эле автоунаа жолдор болуп атпайбы. Ошондуктан өкмөт 5-ноябрда 615-токтому менен Жогорку Кеңешке сунуштап атат, автожолдорго акы төлөө боюнча мыйзамдын долбоорун. Кечээ биз фракцияда карап, бул мыйзамды четке кагып койдук. Негизинен айтып кетели, 4-беренесинде негизги максаты жаңы жолдорду салыш керек эле, ал эми булар болсо мурунку эски жолдорду деле акы төлөгөнгө түздөн-түз өткөрүүгө мүкүнчүлүк түзүп берип атат өзүбүздүн атуулдар болобу, же чет мамлекеттин атуулдары болобу. Анан кийин сунуштагандары айланма жол деп коебуз Бишкектен Кеминге чейин, кечээ суроо берсек ошол жолду негиздеп атабыз биринчи кезекте дейт. Андан тышкары Алма-Атадан Чолпон-Атага Кемин аркылуу салып аткан жол да акы төлөөчү жол болот деп атат.

- Өкмөт ачык айтып жатабы, эмне себептен ушундай жолго барып жатат, максаты айкын бекен, ушул мыйзам кабыл алынып калса карапайым калкка кыйын болуп калбайбы?

- Азыркы күндө биздин жолдорубуздун сапатын көрүп атабыз баарыбыз, бүт жолдор талкаланган. Эми кудайга шүгүр мына Ошко, Эркеч-Тамда, Жалал-Абатта салынып аткан жолдор бүгүнкү күндө дүйнөлүк талаптарга ылайык болуп атат. Мурунку Совет доорунда салынган жолдорбузуду канча жылдан бери эксплуатация жүргүзүп, талкалап бүтүрүп, өкмөттүн бүгүнкү күндө жолдорду толук тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жана каражаты жетпегендиктен инвесторлорду чакырып туруп, жолдорду бирөөлөргө өткөрүп берүү ойлору бар го.

- Сиз айтып аткандай, Кыргызстанда негизги эки жол бар, түндүк-түштүктү туташтырган бир гана жол бар эмеспи Бишкек-Ош жолу. Эгер бул жолдор, жанагы сиз айткан Бишкек-Кемин жолу жеке колдорго өтүп кете турган болсо мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келбейби, депутаттар ушул маселеге көңүл буруп жатышабы?

- Келет да, ошону 4-беренесинде жазып атышат, анда мындай дейт, акы төлөөчү автоунаа жолунун түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу, жаңы автоунаа жолун куруу жана жалпы пайдаланууда колдонулуп жаткан автоунаа жолун акы төлөмө негизге которуу жөнүндө чечим өкмөттүн регламентине ылайык, мамлекеттик органдын юридикалык жана жеке жактардын сунушу менен өкмөт кабыл алат деп. Бүгүнкү күндө коркунуч болуп атпайбы жеке жактардан. Эртең эле бирөөнүн акчасы пайда болуп, ушул жолду мен сатып алам десе, анда биз бул жолду сатып жиберет экенбиз да, ал болсо жолдун тегерегин шыпырам, тазалайм деп алып коюп туруп, анан акысын коюп койсо, бүгүнкү күндө Кыргызстандын эли өзүбүз жакырчылыктан чыгалбай жатсак, жол акысын да төлөй баштасак, анда эмки өкмөт абага да мыйзам кабыл алса, анда дем алганыбыз үчүн да төлөп жүрөбүзбү? Ошондуктан элибизди ойлош керек. Өнүккөн мамлекеттерде мындай жолдорду биз Европадан көрүп атабыз, аларда шарты бар бүгүнкү күндө. Ал эми биз ушундай абалда жашагандан кийин бүгүнкү күндө бул маселени көтөрүү эрте болуш керек.

- Демек депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы болобу? Мисалы сиз коммунисттер фракциясынын депутатысыз, “Ак жол” фракциясы көпчүлүк кылат да...

- Биз каршы болдук. Социал-демократтар менен да сүйлөштүк, алар да каршы болобуз дейт. “Ак жолдун” депутаттарынын айрымдары менен сүйлөшүп көрсөк, алар карай элек экен. Аларга биз жооп бере албайбыз, эртең Ак үйдөн кандай буйрук келсе, ошондой кнопканы баса берет да.

- Бирок аны жакшыртуу үчүн кабыл алынып калган күндө дагы элге ылайыктуу жоболорду киргизүүгө аракет кыларсыздар?

- Ошон үчүн биз пленардык жыйында бул мыйзам бүгүнкү күндө эрте сунушталып атат деп өзүбүздүн ой-пикирибизди айтабыз, элдин шартын түшүндүрөбүз. Ошон үчүн мен ойлойм “Ак жол” партиясындагы кесиптештерибиз бизди толук түшүнүп, элге зыян келтирбей турган мыйзам кабыл алганга аракет кылышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG