Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Кыргызстанда насыя алуунун талаптары татаалбы?


Кыргызстанда микрокредиттик портфель 7миллард сомдон ашты
Кыргызстанда микрокредиттик портфель 7миллард сомдон ашты

Бишкекте өтүп жаткан “Ийгилик технологиясын колдонуу” конференциясына бир нече микрокаражаттык институттар катышууда.

Жеке ишкер Тилек Алиев бир нече соода түйүндөрүн иштетип бизнес менен алектенип келет. Ал буга чейин эки ирээт насыя алып, акырындык менен кутулган. Негизинен кредит алууда көп талаптар коюлуп, пайыздары да жогору дейт ал:

-Кредит алуу учурда кыйынчылыктарды жаратууда. Насыялардын үстөгү 26-36% барабар болууда. Кээ бир микрокредиттик мекемелерде алардын көрсөткүчү 48% чейин жетип жатат. Анан дагы катуу талаптарды коюшууда. Мурда үч айга патент сураса, азыр бир жылдын кирешесин көрсөткүлө деп жатышат. Негизинен кыйынчылыктар көп болууда.

Учурда Кыргызстанда каржы жана кредит жаатында эмгектенген 1100дөн ашык мекемелер бар. Алардын катарына кредиттик союздар, компаниялар жана күрөөканалар бар. Банк жана микрокредиттик ишканалардын насыя портфели үстүбүздөгү жылдын март айына карата 33 миллиард сомду түзгөн.

10-сентябрда бир нече эл аралык донор уюмдардын жана коңшу өлкөлөрдөн келген микрокредиттик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ийгилик технологиясын колдонуу” деген аталышта жетинчи аймактык конференция башталды. Бул иш-чаранын максаты - каржы каатчылыгына каршы кадамдар, андан чыгуу механизмдери, микрокаржылоо секторунун келечеги жана микрокаражат тармагынын өнүгүшүн камсыз кылуу.

Иш чаранын уюштуруучуларынын бири болгон Кыргызстандагы микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын башчысы Кубаныч Абдураимов кызматташуу аркылуу бул тармак өнүгүү жолунда деп билдирди.

-Бул конференция микрокаржылоо тармагында пайда болгон проблемаларды талкуулоо максатын көздөөдө. Мүмкүн биздин кесиптештер кандайдыр бир кыйынчылыкка каршы кантип тураарын билбей жатышкандыр, бул жерден алар керектүү маалымат алышат деген үмүттөмүн. Негизинен биз Орто Азиядагы микрокредиттик ишканалар менен кызматташып келебиз. Алсак, Тажикстандагы кесиптештерибиз биздин мыйзамдын алкагында өзгөртүүлөрдү кабыл алып, жакшы ийгиликтерге жете алышты. Бул бир гана мисаал. Мындай иш-чаралардын артынан тажрыйба алмашуу менен Орто Азиядагы микрокаржылоо тармагын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн алып жатабыз.

Учурда Кыргызстанда 300дөн ашык микрокредиттик мекемелер иш жүргүзүүдө. Алардын кредиттик портфели 2003-жылы 400 миллион сомду түзсө, азыркы маалда бул көрсөткүч 7 миллард сомго барабар. Негизинен бул конференция донор өлкөлөрдүн ишканалары менен келишим түзүп, инвеститция тартуу максатын дагы көздөөдө.

Микрокаржылоо жаатында жаңы мыйзам кабыл алынса бул тармак өнүгүү жолуна түшөрүнө “Береке-Кредит” компаниясынын башчысы Зарлык Бекбоев ишенет:

- Канчалык атаандаштык көп болсо, ошончолук пайыздар дагы төмөн болот. Кыргызстанда 2003-жылы кабыл алынган микрофинансылык уюмдар жөнүндө мыйзам бар. Учурда улуттук банк менен биргеликте аракет жазап жатабыз. Жакын арада Жогорку Кеңеш тарабынан бул мыйзамга өзгөртүүлөр кирип калса, чакан жана орто бизнестеги ишкерлер жеңилирээк жолдор менен насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

XS
SM
MD
LG