Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктар Ооганстанга өтөбү?


Ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк жана башка товарлар Ооганстанды калыбына келтирүүдө пайдаланылса жакшы болмоктугун белгилешүүдө.
Ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк жана башка товарлар Ооганстанды калыбына келтирүүдө пайдаланылса жакшы болмоктугун белгилешүүдө.

Дүйнө өлкөлөрү Ооганстандагы саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн 140 млн. доллар бөлө турган болду. Буга байланыштуу Транзиттик борбор орун алган Кыргызстандын ишкерлери ооган элин азык-түлүк менен камсыз кылууга чоң салым кошо алат, деген пикирлер айтыла баштады.

Транзиттик борбордогу аскерлерге жана Ооганстанга кыргызстандык ишкерлердин товарларын сатуу демилгесин көптөн бери Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева да көтөрүп келе жатат. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул тууралуу Транзиттик борбордун жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөр да болгон, натыйжасы жемиштүү:

-Ушул тапта Транзиттик борбордогу аскерлерге “Таттуу” кондитердик комбинатынын азыктары жеткирилүүдө. Мындан тышкары кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган уз буюмдар да сатылып жатат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Чүйдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди да сатып алып жатышат. Биз АКШ конгресси чечим кабыл алгандай Ооганстанга жардам иретинде берилүүчү товарлардын Кыргызстандан алынышына жетишүүго аракет кылып жатабыз. Бул биздин ишибиздин жана сүйлөшүүлөрүбүздүн 3-баскычы. Дагы айтат элем, Кыргызстандагы ишканалар тарабынан чыгарылган курулуш материалдарын да Ооганстандын кыйраган шаарларын калыбына келтирүүдө колдонууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн биздин ишканалар тендерге катышып, товарларынын сапатын көрсөтүшү керек экен. Бул жергиликтүү ишкерлер үчүн өтө урунттуу учур.

Ишкерлердин белгилөөсү боюнча, Транзиттик борбор аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын Ооганстанга сатылышы – жергиликтүү ишкерлердин дүйнөлүк стандарттар менен иш алып баруусуна жана өндүргөн товарынын сапатын жакшыртышына дагы чоң өбөлгө түзмөк.

Сапат демекчи өткөн жылы күзүндө Транзиттик борбор жергиликтүү ишкерлер үчүн бизнес-семинар өткөргөн. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды америкалык аскерлер жана Ооганстандын элине сатуу үчүн жогорку сапатта болушу талап кылынары айтылган.

Ошондо аталган борбордун жетекчисинин орун басары Томас Жойс Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишканалар менен тыгыз кызматташтыкта болууну кааларын “Азаттыкка” билдирген эле:

- Биз Кыргызстандык ишкерлер менен кызматташтыгыбызды тереңдетебиз. Келечекте алардын өндүргөн азык-түлүктөрү, көрсөткөн тейлөө кызматы Транзиттик борбордун Ооганстандагы күчтөрү үчүн да пайдаланылат.

Бизнес-семинар өткөрүлгөндөн бери үч айдан ашык убакыт өттү. Азырынча бул кызматташуунун жыйынтыгы, кандай ишкерлер тендерге катышканы тууралуу маалымат жок. Транзиттик борбордун маалымат кызматы бул боюнча кийинки жумаларда кабарлай аларын билдирүүдө.

Өткөн жылы “Манас” эл аралык аэропортуна АКШнын Транзиттик борборун жайгаштыруу боюнча кыргыз-америка өкмөттөр аралык келишиминде борборду керектүү товарлар менен камсыз кылуу, ар кандай кызмат көрсөтүү иштерин кыргызстандык ишкерлер менен жүргүзүү тууралуу шарттар көрсөтүлгөн.

Ошентсе да айрым кыргызстандык ишканалар антитеррордук коалициянын “Манас” аскер базасы турган учурда эле булар менен кызматташа баштаган. Булар негизинен базаны жууп-тазалоо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп келишкен.

Алардын бири “Имарат строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Данияр Иманалиевдин айтуусунда, америкалыктар жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азык-түлүктү алуудан этиеттенген учурлар бар, ошол үчүн аларга өндүргөн товарынын сапатын дүйнөлүк стандартка тууралоо талабы коюлууда:

- Чындыгында дүйнөлүк сапат биздин жергиликтүү ишкерлер сунуштап жаткан азык-түлүктүн сапатынан кыйла жогору турат. Мисалга алсак, тамак-аш жагынан эт азыктарын даярдаган жерлер эле алардыкына салыштырмалуу бир топ төмөн. Эгерде америкалыктар бизден эт алууну көздөп, ошол эт даярдалган же башкача айтканда мал союлган жерди барып көрөбүз дешсе, аларга көрсөтө турган жарытарлык бир касапканабыз жок экен. Алардын ошол эле мал сойгон жериндеги нормаларга салыштырсак, биздеги касапканалардын бирөө да жооп бербейт.

Данияр Иманалиев кыргызстандык ишкерлер Ооганстандагы кырдаал турукташса, андагы кыйрап калган курулуштарды калыбына келтирүүгө да көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүктөрү бардыгын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG