Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Көмүрдүн баасы көкөлөй элек, азырынча


Кара-Кечеде иш кышка жуук кызыйт
Кара-Кечеде иш кышка жуук кызыйт

Кыргызстандын көмүр базарындагы кымбатбаа Баткенден башталат. Өлкөнүн калган аймактарындагы көмүр баасын деле "арзан" деп айтыш кыйын. Калайык эми башка да отун түрлөрүн иликтөөгө мажбур.

Анын үстүнө кожолуктардын көбү кышка отунду жаңы кар жаагандан кийин даярдоого киришет. Өкмөт көмүр компанияларынын текши баарына бюджеттик мекемелерге отун даярдоо сынагына катышууга уруксат берүү токтомун чыгарды.

Көмүр бар, бирок кымбат

Кара-Кече көмүр кенинде кышка жуук иш кызып, казганак машинелердин аягы тыйылбай, тоо ичи күрү-күүгө толуп турат.

Жыл сайын кайталанчу бул көрүнүш быйыл өзгөрүлүп, мурунку “Беш-Сары” компаниясынын ордуна түзүлгөн “Каракечекөмүр” мамлекеттик ишканасы керектүү иш кагаздарын ырастап, бирок да өкмөт бюджеттик ссуда катары бөлчү 650 миллион сомдун 50 миллион сомун күтүп, ишин баштай албай отурат.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Замир Кутубаевдин ырасташынча, республика боюнча 754 миң тонна көмүр казылып алынган. Бул жалпы керектөөнүн теңинен көбүн түзөт.

- Көмүр ишканалары 278 872 тона көмүр казып алды. Анын ичинде бир айга 88 152 тонна көмүр казылып алынды. Ошондой эле “Сүлүктүкөмүр”, “Ташкөмүр”, “Тегене” компаниялары бар. Булар дагы көмүр казып алып жатышат. “Сүлүктүкөмүр” жыл башынан бери 25 430 тонна көмүр казып алды.


А бирок антип ай сайын 3 миң тоннанын тегерегинде казылып алынган Сүлүктү көмүрү Баткенге ташылып келгенче оголе кымбат баага түшүүдө. Баткен шаар тургуну Кылыч Матраимовдун айтуусунда, Сүлүктүнүн бир тонна көмүрүнүн баасы 7 миң сомго чыгып кетүүдө.

- 6 сомдон араң издеп тапсаң болот. Тааныш-билиш кылып. А негизи Сүлүктүнүн көмүрү 7 сом, 7,5 сомдон болууда. Баткендин өзүндө тоннасы 7 миң, 7,5 миң сом болуп калат.

Сүлүктү көмүр кенине жакын Лейлек районунда деле көмүр баасы кымбат, болгон айырмасы 2 –3 сомго төмөндүгү. Көмүр кенинен кыйла алыс жайгашкан Таласта деле Казакстандан ташылып келчү көмүр баасы кымбат.

- Таластыктар негизинен Казакстандын “Шабыркөл” көмүрүн алышат. Азыркы баасы 3400 – 3500. Кымбаттаганда былтыр 3700 сомго чейин чыккан,- дейт Талас шаар тургуну Кычан Сатаров.

Социалисттик доордогу арзан көмүр эми жок


Бишкекте ошол эле Казакстандан келчү көмүрдүн тоннасы 2 800, 2 900 сомдон сатылууда. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Замир Кутубаевдин маалымдашынча, быйылкы жылга болжолдонгон өлчөмдө көмүр казылып алынган.

- Былтыркы жылга салыштырмалуу жумуш өз убагында жүрүп жатат. Анан Бишкек ТЭЦин кыргыз көмүрү менен камсыз кылуу да жакшы жүрүп жатат. Ошондой эле бюджеттик мекемелер менен калкты көмүр менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле көмүр ишканаларында көмүр запасы жетиштүү.

Анткен менен жетиштүү делген көмүр баасы өтөле кымбат.

Ошол себептүү элдин көбү аны сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетишпейт.

Кычан Султанов кышкысын кымбат көмүр сатып алууга чама-чаркы жетишпеген калкты отун менен камсыз кылыш үчүн мурунку социалисттик замандагы даярдоо контораларын калыбына келтириш керек деп эсептейт.

Базар мамилесине коошпогон андай ишти аркалоого мамлекеттик бюджеттин чама-чаркы жетишпейт. А бирок Кыргызстанга Казакстандын кымбатбаа көмүрүн сатып келүүгө сарпталчу оңой эмес каражатты көмүр ишканаларын каржылоого жумшоо зарылдыгы кыйладан бери айтылып келатканы менен азырынча бул жаатта жылыш байкала элек.

Кыргызстандын көмүр кен компаниялары жалпы керектөөнүн теңине жакынын гана жаба алышат. Калган отунду Кыргызстан Казакстандан сатып алышка мажбур.

Социализм тушунда жылына 4 миллионго жакын тонна көмүр казып алчу Кыргызстандын ушу таптагы көрсөткүчү 600 000 тоннанын тегерегинде калууда.

XS
SM
MD
LG