Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Катылуу баанын капкагы ачыла элек


Арзанбаа электр энергиясы дагыле кымбаттоодо
Арзанбаа электр энергиясы дагыле кымбаттоодо

Энергетика министрлиги электр кубатынын өздүк наркын жарыя кылды. Ушу тапта электр баасы элге өздүк наркынын жарымында сатылып жатканы айтылууда. Ортодогу айырманы энергокомпаниялар кошумча кирешелердин эсебинен жаап келатканы жарыя кылынды.

Өкмөт электр акысын өздүк наркына качан теңештирип сатары азырынча айтыла элек.

Данияр Үсөновдун энергия эсеби азыркы өкмөттүн эсинде калыптыр

Энергетика министрлигинин эсеби боюнча, 1 киловат-саат электр энергиясын өндүрүүгө 53,6 тыйын, аны ташып келүүгө 15,2 тыйын сарпталат. Ортодо 5 тыйынга жете бербеген кошумча нарк салыгы, анан да бөлүштүрүү компанияларынын 42,1 тыйындык өздүк наркы турат. Буга электр энергиясын жоготуулар, уурдоолордун 24,5 тыйыны кошулуп, жыйынтыгында Энергетика министри жарыя кылган 1 сом 40,2 тыйын келип чыгат. Энергетика министрлигинин башкы адиси Мирбек Маматов эмнеликтен Токтогул катарындагы ГЭСтерден чыккан электр энергиясынын өздүк наркы 53,6 тыйынга көтөрүлүп кетишин мындайча түшүндүрөт.
Токтогул ГЭСи

- Электр энергияны өндүрүү жагында бизде бир компания бар. Ал чоң монополист. “Электр станциялары” деген. Ошол компанияга ТЭЦ дагы, ГЭС дагы караган үчүн орточо баасы, иштелип чыккан наркы 53,6 тыйын болуп жатат.

Антип башкалаалыктарды жылытып турган ири ишкана чыгашасын Токтогул катарындагы ГЭСтерден иштелип чыккан арзан электр энергиясынын өздүк наркына кошуп коюунун зарылдыгы, ошондой эле электр уурулар келтирген зыяндын орду жалпы кыргызстандыктардын эсебинен жабылышы эмдигиче табышмак. Парламенттин мурдагы депутаты О.Дүйшеевдин эсебинде, Токтогул катарындагы ГЭСтерде иштелип чыккан 1киловат-саат электр энергиясынын өздүк наркы 25 тыйындан ашпайт.

Табышмактуу тарифтин таржымалы

Энергетика тармагын кыйла жылдар жетектеп келген Жамалбек Түлөбердиев өздүк нарктын өтөле көкөлөп кетиш себеп-жөнүн билбей тургандыгын ырастап, электр энергиясын иштеп чыгаруу, ташып жеткирүү, бөлүштүрүү компанияларынын чыгымдарын чогулта келсе ушундай баа чыгып калышы мүмкүн экенин белгилейт.

- ГЭСтердики 1 тыйын болчу. ГЭСтерде отун жок, жалаң суу да. А тигилерден жылуулук станцияларда көбүрөөк болчу. Бул жалаң ГЭСтен чыккан эмес, болгон чыгашаларды чогулткан да.

Быйыл жарым жылда 7 миллиардга жакын киловат саат электр энергиясы иштелип чыкса анын төрттөн бири, 25% техникалык, коммерциялык жоготуулар эсебине кирди. “Түндүкэлектр” акционердик коомунун пресс-катчысы Гулия Мураталиеванын маалымдашынча, быйылкы 8 айда жоготуулар бул компанияда 23% түздү.

- 2009-жылы жалпы жоготуулар 25% болчу. 2008-жылы жалпы жоготуулар 32% болчу. Ал эми 2007-жылы 38% жакын болчу. Андан мурдагы жылдары жоготуулар 40% же андан ашык болчу.

Энергетика министрлигинин эсебинде мына ушул 25% жоготуулар да өздүк нарк эсебине киргизилген.

Ууру акчалар кимдердин чөнтөгүн жылытууда?

Мурдагы бийлик тушунда коррупциялык схема, энерготөбөлдөрдүн чөнтөгүнө кетип жатат делген ууру акчалардын ушу азыр кимдердин чөнтөгүндө калып жатканы дагыле табышмак. Айтса, 1 сом 40,2 тыйындык өздүк наркка энергокомпаниялар алып жаткан кредитке төлөнчү акчалар, жаңы курулушка, мурдагы жабдууларды жаңыртууга кетчү каражаттар да киргизилген. Энергокомпаниялардын 404 миллион сомдук кредити, жабдуларды жаңыртууга, жаңы курулуштарга жумшалчу 1 миллиард 127,7 миллион сому да ошонун ичинде жүрөт.
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Айрым адистердин пикиринде, Кыргызстандагы арзан делген электр энергиясынын өздүк наркынын өтөле кымбатка чыгып кетишин “реалдуу өздүк нарк + коррупция + энергияны уурдоолор” схемасына байланыштуу түшүндүрүшөт. Болбосо мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун энергетикалык эсебин жокко чыгарып, акчанын баары кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн чөнтөгүнө түшүп, тармак коррупциянын уюгуна айланып калышын айтуудан тажабаган оппозициянын бийликке келгенден кийин теңирден тескери энергетикалык эсепти алдыга жайып, өздүк наркты өстүрүп отурушунун артында кандай максат-мүдөө катылып жатышын аңдоо кыйын.

Ушу тапта шайлоочулардын көңүлүн алышка жан үрөгөн айрым партиялардын электр энергиясын өздүк наркында сатуу убадасы, мүмкүн, мына ушул 1 сом 40,2 тыйынды алдыга жылдыруунун амалы болуп жүрбөсүн? Энергетика тармагынын ишин элге ачык кылабыз деген өкмөттүн азырынча тармактагы абал кандайлыгын так көрсөткөн маалыматы жок. Ошондон Энергетика министрлигинин керектөөчүнүн үйүнө жеткирип берген электр тогунун 1 киловат саатынын өздүк наркы эмнеликтен кескин көтөрүлүп кетишинин себеп-жөнү дагыле бүдөмүк калууда.

XS
SM
MD
LG