Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Дүйнөлүк банк суу боюнча жаңы баяндамасын жарыялады


Токтогул суу сактагычы соолгон учур, 2008-жыл
Токтогул суу сактагычы соолгон учур, 2008-жыл

Анда белгиленгендей, Борбор Азия өлкөлөрүндө сууну пайдалануу боюнча улуттук стратегиялар даярдалган, бирок саясий пикир келишпестиктерден улам аймактык стратегияны иштеп чыгуу маселеси татаал болуп турат.

Дүйнөлүк банк ошондой эле баяндамасында суудан энергия өндүрүүнү караган аракеттерге колдоо билдирген.

Суунун төмөнүндөгү Өзбекстан талап кылгандай Кыргызстан менен Тажикстандын жаңы ГЭСтеринин курулушун экспертизадан өткөрүүсү мүмкүн болгон Дүйнөлүк банктын бейшембиде жарыяланган жаңы баяндамасы “Климат өзгөрүп жатканда сууну баары үчүн сактоо” деп аталат. Анда Дүйнөлүк банктын суу стратегиясы боюнча тобунун жазганына караганда, 2050-жылга карата дүйнө калкынын саны тогуз миллиард адамга жетерин, экономикалык өнүгүү жакшыраак азык-түлүк үчүн суроо-талапты күчөтүп жаткандыгын эске алганда жана климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам гидрологиялык туруксуздуктун күчөшү суу башкаруу маселесине комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын көргөзүүдө.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Кристофер Нил “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде баяндаманын негизги идеясы тууралуу буларга токтолду:

- Бул баяндаманын негизги чакырыгы сууга карата суроо-талаптын өсүп жатышына байланыштуу сууну башкарууга комплекстүү мамиле кылуу. Бул азыр колдо бар суунун келечекте да пайдаланууга мүмкүн болгудай жол менен колдонулушун кепилдөө дегенди туюндурат. Биз бул баяндамада суудан энергия алууга көбүрөөк инвестиция жасоого чакырып жатабыз. Бул адамдар электр кубатына ээ болуусун камсыздоо, ошол эле учурда планетаны коргоп, булганыч газдарды жаратпоо үчүн керек. Биз ошондой айыл чарбасы үчүн керектелген сууну башкаруу үчүн көбүрөк жардам көргөзүүгө үндөдүк. Себеби дүйнөдө биз колдонуп жаткан суунун 70 пайызы сугат же дыйканчылык үчүн жумшалат. Андыктан биз муну эффективдүү колдонуубуз керек.

Дүйнөлүк банк климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү үчүн көбүрөк инвестиция жасоого чакырган гидроэнергетика - Борбор Азиянын эң талылуу маселелеринин бири. Суунун төмөнүндөгү Өзбекстан суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстанда жаңы ГЭСтердин курулушуна каршы чыгып, эгер курула турган болсо сөзсүз эл аралык экспертизадан өткөрүлүүсүн талап кылып келет.

Кыргыз жана тажик бийликтеринин соңку билдирүүлөрүнө караганда, алар мындай экспертизага каршы эместей. Кыргызстандын Энергетика министрлигинин стас-катчысы Батыркул Баетов мындай дейт:

- Бул эми саясатташтырылган ой-толгоолор да. Биз экологиялык экспертиза эч убакта каршы болгон эмеспиз. Экологияны буза турган эч нерсе жок. Маселен Камбар-Ата 2 ГЭСинин суу сактагычы өтө кичинекей. Камбар-Ата 1 ГЭСиники чоңурак болот. Биз ошондо Токтогул жана Камбар-Ата 1 ГЭСтери аркылуу сууну эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк алабыз. Өзбекстан менен Казакстан суунун ылдыйкы агымдарында өздөрүнө керектүү суу сактагычтарды куруп алды. Алар деле жайында кор болбойт. Кышында болсо биз аларга суу каптатпай калабыз. Бул жерде пайда эки жак үчүн тең болот.

Кыргызстан Камбар-Ата -1 ГЭСине эл аралык экспертизаны жүргүзөрү тууралуу ушул 30-августта Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү учурунда президент Роза Отунбаева айтып өттү. Эгер андай экспертиза жүрүп калса, муну 2000-жылдардан бери дүйнөдөгү, анын ичинде Борбор Азиядагы суу проблемалары менен алектенип келе жаткан Дүйнөлүк банк өткөрүп калуусу да мүмкүн. Бул эл аралык каржы институтунун туруктуу өнүгүү маселелеринин тейлеген вице-президенти Ингир Андерсендин айтымында, азыр дүйнөнүн “өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү гидроэнергетикалык потенциалдын 23 пайызы гана колдонулууда. Кыргызстанда болсо бул көрсөткүч 10% деп эсептелинет.

Адистердин айтымында, өлкөдөгү дарыялардын потенциалы жылына 160 миллиард киловатт саат электр кубатын өндүрүүгө жете турган болсо, учурдагы ГЭСтер эң көп дегенде 16 миллиард киловатт саат электр кубатын өндүрүүдө.

Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасынын Борбор Азия боюнча бөлүгүндө айтылгандай, аянты 4 миллион чарчы чакырым, калкынын саны 59 миллион келген аймакта суу ресурстарын жан башына бөлө келгенде өтө чоң айырмачылык бар.

Маселен аймактын суу ресурстарына эң бай өлкөсү деп эсептелген Тажикстанда бир адамга жылына 4900 метр куб суу туура келсе, Түркмөнстанда бул көрсөткүч 274 метр кубду гана түзөт экен.

Баяндамада белгиленгендей, климаттагы өзгөрүүлөр аймакка олуттуу таасирин тийгизери күтүлүүдө. Дүйнөлүк банктын пикиринде, аймактын суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун проблемалары татаал жана алардын чечилиши бардык секторлордо макулдашылган аракеттерди талап кылат. Дүйнөлүк банктын баяндамасында айтылгандай, Борбор Азияда суу пайдалануу боюнча улуттук стратегиялар даярдалган. Бирок аймактык стратегияны иштеп чыгуу суу башы менен суу төмөнүндөгү өлкөлөр ортосундагы саясий пикир келишпестиктерден улам кыйын болуп турат. Ошондой эле жогорку жана төмөнкү агымдагы сууну пайдалануу боюнча макулдашуулар жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG