Кыргызстанда жетимиш ашуун жерден көмүр казып алууга болот. Социализм заманында “Орто Азиянын отунчусу” атына конгон республика эгемендик алганы көмүр казып алуу кыйынга туруп, керектүү отундун көбү Казакстандан сатылып келүүдө. 2 миллирад ашуун тонна көмүр запасына ээ өлкөнүн өзүндө турган табигый байлыкты пайдалана албай жатканына ичи чыкпаган өкмөт башчынын биринчи орунбасары Өмүрбек Бабанов жакындан бери жылытуу системасы менен технологиялык процесстерди жергиликтүү көмүргө өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Ушу тапта Канттагы цемент заводу арзан мазут жагууга өттү. Бирок да эртеңки күнү мунайдын баасы азыркыдай арзан болуп турушу күмөн.
- Башка отунга, мисалы, көмүргө өтүү гана класстердик усулдун ишке ашышына көмөк көрсөтөт, өзүбүздүн көмүр жагылат. Биздин кант, айнек, анан Майлысуудагы электр лампа заводунда пайдаланса болот. “Биздин көмүрдү пайдаланууга болбойт, андай механизм жок”, дегендерге айтарым. Биз андай механизмди изилдеп чыктык. Өнөр жай министрлиги өзүнүн ишинде бул маселени конкреттештирүүсү керек,- дейт Өмүрбек Бабанов.
Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдовдун айтуусунда, тармактагы абал уламдан-улам оорлошуп баратат.
- Ири ишканаларда өзгөчө оор абал байкалууда. Өткөн жылдын ноябрынан Канттагы цемент заводу токтоп турат. Биринчи кварталда клинкерди майдалап тартуу башталды. 64 миң тонна цемент чыгарылганы турат. Бул завод чыгара алчу көлөмдүн 34% түзөт.
Ушундай эле оор жагдай башка ири өнөр жай ишканаларында да түзүлүүдө. Ошондон кымбат баа газ менен үзгүлтүктө берилчү электр энергиясына үмүт артпай, жылуулук системасын, технологиялык процесстерди жергиликтүү көмүргө өткөрүү демилгеси чыгып отурбайбы.
Айрым бир тобокелчилердин аракетинин аркасында азыноолок көмүрү казылып жаткан тармакты сүйөмөлөө, өнөр жай ишканалары, жылытуу системасын көмүргө өткөрүш үчүн кандай иштер жасалыш керектигин азырынча эч ким айта албайт. Көмүр өнөр жайында кыйла жылдар иштеген адис Алмаз Токтомамбетовдун ырасташынча, көмүр казууну мамлекет өз колуна алмайын тармактагы абалды оңдош мүмкүн эмес.
- Азыр жанагы менчик фирмаларга берип жатпайбы. Булардын көмүр өндүрүшүн көтөргөнгө күчү жетпейт. Анткени көмүр казып алуу эң кыйын, анан да каражатты көп талап кылган өндүрүш. Анын өзүн акташы да кыйын. Булар азыр мындай кылып жатышпайбы. Катмардын үстүңкү жагынан гана көмүр казып алып, тереңине келгенде, финансылык чыгым көбүрөөк кетчү жерлерге келгенде таштап кетип жатышат.
А.Токтомамбетов көмүр өнөр жайы мамлекеттин каржылык колдоосуна муктаж, тармактын өзүн-өзү акташы узак убакытты талап кылат, деген пикирде. Анткен менен тармакка чындап көңүл бөлүп, мамлекеттик камкордукка алынса “кара алтындан” газ, мунай бөлүп алса деле болор эле. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан андай кымбат баа технологиянын Кыргызстанда ишке ашышы кыйын. А бирок жакындан бери көмүрдүн үйүлгөн күкүмдөрүн жумгактап отун чыгаруунун технологиясы ишке киришүүдө. Үйүлүп жаткан көмүр калдыктарынан таптуу отун жасап жаткан ишкер Манап Карчыгаевдин пикиринде, өкмөттүн кезектеги демилгеси оголе көп каражатты талап кылчу жумуш.
- Азыр шахтыларды иштетиш да оңой акчага турбайт. Кыргыз өкмөтүнүн азыркы бюджетинин ахывалында биздин андай шахтыларды иштеткенге дареметибиз жетпейт. Ой менен тоону томкоро бергенде болбойт.
Өкмөттүн көмүр казып алууну көбөйтүү демилгесинин ишке ашуусу барып-келип каржылык колдоого такалары турулуу иш. Өмүрбек Бабановдун баамына түшкөн тармакты бутуна тургузуш үчүн оголе көп каражат талап кылынат. Өзгөчө үмүт артылып жаткан орусиялык 300 миллион доллар кредиттин канчасы көмүр казуучуларга бөлүнөрү да азырынча белгисиз.