Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Өкмөт кызыгы: Кризис күчөгөнү, салык арбын чогулууда


Кыргызстан экономикалык кризис түйшүгүнө батып, ири ишканалардын айрымдары токтоп турганда өкмөт болжогондон арбын салык жыйнады.

Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков быйылкы үч айдын ичинде 4 миллиард 751 миллион сом топтолгонун айтып, ушул кварталдын жыйынтыгы боюнча жаңы Салык кодекси талдоодон өтө тургандыгын маалымдады.

- Эмдиги жумадан баштап өкмөттө анализ башталат. Кандай кемчиликтери, жетишпестиктери бар? Салыктын кайсы түрү кандай аткарылышы керек? Мисалы, жергиликтүү бюджетке түшчү салыктардын азайышынын негизинде жергиликтүү бюджетке салык аз түшкөнү мына ушул 1-кварталда байкалды. Биз ошон үчүн кошумча-алымча болобу, кодексти жакшыртуу боюнча сунуштарды талдоодон кийин өкмөт президентке жөнөтөт. Керек болсо ал өзгөрүүлөр парламентке киргизилип, кодекс алымча-кошумчаланат.

А.Келдибеков бир жылга артка жылдырылган кыймылсыз мүлк салыгы эмдиги жылдын башынан тарта ишке киргизиле тургандыгын ырастады. Ушу тапта салыкчылар аны жер-жерлерде элге түшүндүрүшүүдө. Бул иш 1-ноябрга чейин аягына чыгышы керек. Жаңы салыктын жол-жобосун Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев мындайча мүнөздөдү.

- 10% деле аз. Андай деле чыкпайт болуш керек. Алыскы айылдарды айтпай эле коелу, мынабу Бишкектин тегерегинде, Чүй өрөөнүндө болобу, Көл кылаасында болобу 2-3 кабат бышкан кыштан салынган чоң-чоң үйлөр бар. Ошолорго 300 – 400, 500 – 600, 1000 сом болушу мүмкүн.

А.Касымалиев экономикалык оорчулук ансыз деле белинен бекем басып олтурган ири ишканалар ээлеген мүлктөрдөн алынчу салык өлчөмү кайра каралышы мүмкүн экендигин кошумчалады. А.Келдибеков жаңы Салык кодексинде эркин экономикалык аймактардын өзгөчөлүгү эске алынбай калгандыгын, өкмөттүн капиталды амнистиялоо аракети парламент кошумчасынан ишке ашпай арабөк ташталгандыгын маалымдады.

Салык санаасынан да Кыргызстан экономикасы үчүн өзгөчө маанилүү булак - чет жердеги эмгек мигранттары жөнөтчү акча агымы быйыл кыйла басаңдай тургандыгы болжолдонууда.

- Анын өлчөмү өтөле чоң. Ал ички дүң продукттун 25% түзөт. Эми алар акча салбай коюшту деңиз, демек, болжол менен ошончолук эле өлчөмдө ИДП көлөмү төмөн түшөт. Себеп дегенде, анча акчага эч нерсе сата албай калабыз. Анан да буга биз эч кандай таасир көрсөтө албайбыз,- дейт “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов.

Инвестициялык кеңештин кезектеги отурумунда орусиялык 450 миллион долларлык карыз акчасы жакын арада келе тургандыгы маалымдалган. Оңор эмес акча бюджет таңкыстыгын жабууга жумшалса коррупциянын “жемине” айланып кетерин айтып, президент К.Бакиев орус акчасын орто жана чакан бизнестин керегине жумшоо сунушун билдирди.

Анткен менен кысталыш кырдаалдан кантип чыгуу жөнүндө өкмөттүн айкын-ачык программасы жоктугуна бизнес өкүлдөрү камтама, деп билдирди Кыргыз фондулук биржасынын жетекчиси Нурбек Элебаев.

- Чындап келгенде бул кризиске каршы программа эмес. Программа кризис кезинде экономика кандай иштешин айкын-ачык көрсөткөн документ болушу керек эле. Кризис шартында өкмөт менен бизнестин биргелешкен аракети гана өлкө кризис учурунда кабылган дартка даба болушу мүмкүн.

Соода менен тейлөөгө көбүрөөк ыктаган кыргыз экономикасы жыл аягында буга чейинки көрсөткүчтөрүн сактап калар-калбасы азырынча арсар бойдон калууда. Биртоп ири ишканалар токтоп, ошол эле мезгилде жаңылары ишке кирүүдө. Айрым байкоочулардын ырасташынча, кризис оорчулугу Кыргызстанга жай ортосунан тарта сезилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG