Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Ысык-Көлдөгү эс алуу кандай болду?


Быйылкы жылы аба-ырайынын жаанчылдыгынан улам Ысык-Көлдө эс алуу сезону жакшы болгон жок.

Ысык-Көлдө эс алуу ыргагы төмөндөөдө

Ысыккөлдүктөр быйылкы жылы көл сезону былтыркыдай ийгиликтүү болбой калгандыгын айтышып, буга негизги себеп катары аба ырайын белгилешүүдө. Көл жээгиндеги пансионаттар менен эс алуучу жайлардын ээлери быйыл негизинен Орусиядан жана Казакстандан келүүчү туристтер аз болгондугун айтышат. Мындан тышкары Кыргызстандын башка аймактарынан келүүчү жергиликтүү эс алуучулар да күн сайын өзгөрүп жаткан аба ырайына карап анан Ысык-Көлгө эс алууга келгендиктен, июнь-июль айларында эс алуу сезону ойдогудай болгон жок.

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, быйылкы жылы күн жаанчыл келип, июнь-июль айларында Ысык-Көлдө аба суук болуп, суу мээлүн тартып турду. Батыштан муздак шамал согуп, көл үстүндө пайда болгон кара булуттардан бат-баттан жаан жаап турду. Август айында гана күн ысып, көлгө эс алууну каалагандар көбөйдү. Анын үстүнө июнь-июль айларында өлкөдө күчөгөн саясий иш-чаралардан кийин эс алууга чыккан адамдар Бишкектеги шаардын аптабынан качып, Ысык-Көлгө бара башташты.

Ысык-Көлдөгү туризмдин ойдогудай болбогонуна көлдүн негизги кардарлары болуп саналган Казакстанда жана Орусияда каржы каатчылыгы болуп жатканы да себебин тийгизбей койгон жок. Ошентсе да, каржы киризисине караганда, күндүн салкындыгынан быйыл баалар өткөн жылдарга салыштырмалуу арзандатылды, деп билдирди Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлар биримдигинин президенти Акжолтой Насирдинов “Азаттыкка”:

-Быйылкы аба ырайынын салкындыгы туризм менен оокат кылып келаткан элдин үмүтүн муздатты. Анткени суук болуп турса келген коноктор да кайра кетип калып атышат. Ошондуктан, быйылкы жылы бааларды 30-40-50% төмөндөтүүгө аргасыз болдук. Эптеп эле келген конокту кармап калуу аракетин жасап аттык..

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуунун ыргагы төмөндөп баратканын адистер да жергиликтүүлөр да белгилеп атат. Мисалы быйыл жайдын биринчи айында аба-ырайынын жаанчылдыгы туристтерге ыңгайсыздыктарды жаратса, эс алуу күчөп турган маал июль айында президенттик шайлоо, саммитке даярдык көрүлгөндүктөн Чолпон-Ата шаарында көптөгөн чектөөлөр киргизилгени да туристтик сезонго кедергисин тийгизгенин айтышкан. Ал эми ал саясый иш чаралар аяктагандан кийин эс алуучунун аз келгенин дүйнөлүк кризистен да көрүп атышканын биз сөзгө тарткан маектештер билдиришти.

Алардын бири Тургун:

- Мен быйылкы сезонго канааттанган жокмун. Үйгө киши киргизели десек толбой койду. Ар бир кишиге 250 сомдон эле болчу. Өткөн жылдан киреше да аз болду.

"Азаттык": - Канчага, бир-эки эсегеби?

Тургун: - Эки эсеге. Эми канча тапканыбыз коммерциялык сыр да. Аба ырайы жакшы эле болгон, саммитте жолду жапканы жаман болду.

"Азаттык": - Үйүңүз көлгө жакынбы? Сууга түштүңүзбү?

Тургун: - Ооба мына 200 метрдей эле, бирок 2 эле жолу түштүм колум бошобой.

Жайдын ортосунда мөмө-жемиштерин жакшы сата албай калгандар да болду. Көпчүлүк аны убактылуу жабылган дүкөн жана базар менен байланыштырды.

- Президенттер келет экен деп базарды жаап, жолго таксилерди жүргүзбөй койгон күндөр болду. Аз убакыт ушундай чектөө болсо да кулпунай, бүлдүркөндү убагында сата албай кардарларыбызды жоготтук. Балдарды мектепке даярдаганга жанталаштык да,- дейт аты-жөнүн айткысы келбеген маектешибиз.

Бир караганда быйыл көлдө чын эле туристтик сезонго караганда саясай иш чараларга өзгөчө маани берилгени байкалды. Жайкы эс алуу сезону боюнча билдирип, Ысык-Көл райондук администрациясындагы туристтик ассоциация башчысы болуп иштеген Таалай Ороков буларга токтолду:

- Быйылкы сезондо туристтер аз келгени анык. Мисалы 2007-жылы 490миң адам келсе, былтыр 380миңге жеткен. Быйыл болсо район боюнча жалпы 330миндин тегерегинде турист келди деп болжолдоп атабыз. Сентябрдын 25ине чейин дагы тактайбыз. Азырынча сезон расмий жыйынтыктала элек.

"Азаттык":- Туристтик жарманкеде быйылкы эс алуу наркы 20 пайызга арзандайт деген убада болгон эле, бирок ал аткарылган жок, ошону силер милдеттендире аласыңарбы?

T. Ороков: - Биздеги 165тей эс алуу жайдын дээрлиги жеке менчик. Алардын 15тейи курулуш ишине байланыштуу иштеген жок. Бааны өтө деле кымбаттаткан жок, мурдагы эле бааны кармады. Арзандатканга да мүмкүн эмес болчу. Ансыз да сезон кыска болбодубу. Алар деле чыгашаларын жабыш керек да. Бирок келишим баа менен эс алып аткандарга көп эле күбө болдум.

Ысык-Көлдө ушул жума башынан бери да тынбай жамгыр жаап атат. Аба 22-23 градус гана жылуу. Жылда бу маалда күн ысык болуп, орусиялык эс алуучулар арбын болуучу.

Туризмден түшкөн киреше өткөн жыл ИДПнын 4,1% түзгөн. Быйылчы?..

Көл турзиминен Ысык-Көл облусунун бюджетине жана жергиликтүү элдин капчыгына гана эмес, мамлекеттик бюджетке да белгилүү бир өлчөмдө киреше түшөрү өткөн жылдардагы туризмден түшкөн пайдадан улам белгилүү. Алсак, 2006-жылы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн 1 млн.дон ашуун турист келип, андан түшкөн киреше Кыргызстандын ички дүң продукциянын 4% түзгөн. Ал эми өткөн жылы болсо туризм тармагынан түшкөн пайда ички дүң продукциянын 4,1% түзгөнүн КР туризмди өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашев “Азаттыкка” куруп берген маегинде билдирди:
Турусбек Мамашев -КР туризмди өнүктүрүү агентигинин жетекчиси


-Эң жемиштүү жыл 2008-жылы болду. Туризмден түшкөн киреше өткөн жылы 509 млн. доллар же болбосо 23 млрд. сом киреше кирген. Бул болсо ички дүң продукциянын 4,1% түзгөн. Бул деген өтө чоң көрсөткүч, анткени коңшулаш Өзбекстанда туризмден түшкөн киреше өлкө бюджетинин 0,2%, Казакстанда да мындай көрсөткүч 1% да жетпейт. Ошондуктан, биз туризм тармагы мамлекет үчүн чоң пайда алып келип атканына сыймыктансак болот. Быйылкы жылы деле кудайга шүгүр, статистикалык комитеттин алдын-ала берген маалыматтарына караганда абалыбыз жаман эмес. Жайкы эс алуу сезонунун кирешеси тууралуу толук маалыматтарды биз кийинчерээк жарыялайбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG