Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Коомдук инспекторлор коррупцияны колго чабабы?


Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларында кабыл алуу комиссияларынын курамында коомдук инспекторлор кошо иштешкен жатат. Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик менен Билим берүү министрлиги ушундай жол менен жайкы кабыл алуу алуу учурунда коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун аракетин кылууда.

Быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларында кабыл алуу комиссиясынын ишине көз каранды эмес инспекторлордун тобу көзөмөл кылышмакчы. Аларга 300 адам коомдук башталышта жардам беришет. Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланышка жооптуу өкүлү Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” бул чара кабыл алуу комиссияларынын ишинде коррупцияны четтетүүгө жардам берет деп билдирди.

- Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттик менен Билим берүү министрлиги нин ортосунда келишим түзүлгөн. Ошол келишимдин негизинде быйылкы кирүү экзамендерине биздин агенттиктин өкүлдөрү, биздин агенттиктин алдында түзүлгөн коомдук инспекторлор да мүчө болуп киришти. Ошондой эле комиссияга жождордун мугалимдери, студенттер, ата-энелер да кирип жатышат. Бул кандайдыр бир деңгээлде коррупцияны азайтат деген ниеттебиз,-деди Бактыбек Рысалиев.

Жогорку окуу жайларына кабыл алууда дүнүйөкорлорго каршы көрүлүп жаткан чараларды илгери үмүт-тилек менен кабыл алууда. Ошол эле учурда эл арасында университет менен институттарга жиберилген коомдук инспекторлордун таза иштеп береби, алар өздөрү да коррупцияга билегин түрүп кошо кирип кетпейби деген суроо түпөйүл кылууда. Улуттук Университеттин профессору Токторбек Өмүрбековдун айтымында, коомдук инспекторлор коррупцияга каршы ишке жардамга келип атканы жакшы, бирок кеп алардын жоопкериликтүү иштеп беришинде турат:

- Эми бул биздин кан-жаныбызга сиңген адат да. Ар кимдин жанын койбогон тууганы бар, иниси бар, жээни бар, таякеси, дос-таамыры бар. Ошол коомдук инспекторлордун да илик-жармасы, тууган-уругу чыгат. Алар да кыргызчылык кылып жибериши ыктымал.

Коррупция Кыргызстанда эл чарбасынын бардык тармагын чырмап, асыресе жогорку окуу жайларында тамыры терең кеткени жумурай журтка белгилүү. Окуу жайлар коррупция илдетинен арыла албай жатканын президент К. Бакиев өткөн жумада Кыргыз-Орус Славян университетиндеги жолугушууда өзү да баса белгилеп айта кеткен болчу.

“Мына бул жерде азыр билим берүү министри отурат. Ал ойлоп атса керек президент мунун баарын кайдан билет деп. Мен билем... Маселен, айрым жогорку окуу жайларында студент сабакты төрткө билсе да мугалим баасын койбойт. Кыйнайт бир деме үмүт этип. Буюрса мындай күнкор системаны бир эки жыл аралыгында жок кылабыз. Натыйжа болот”, - деген эле Курманбек Бакиев.

Жогорку окуу жайларына кабыл алууда жыл сайын эле коррупцияга каршы ар кандай өнөктүктөр жүрүп, коомдук комиссиялар, укук коргоо органдары кабыл алуу процессинин үстүнөн көзөмөл кылышат. Бирок ошондой кайтаруулар менен көзөмөл болгонуна карабастан жең ичинен көптөгөн кыңыр иштер бүтүп жатканы айтылат.

Алардын көбү “жабылуу аяк ичинде жабылуу” бойдон калат, ашкере болгон фактылар сейрек. Өткөн жылы Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлардын эң ириси эсептелген Улуттук университетти кабыл алуу бүткөндөн кийин текшерип, коррупциялык толтура фактылардын бетин ачкан.

Окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы 400дөн ашык абитуриенттин тест сынагындагы көрсөткүчтөрүн жогорулатып, одоно оңдоп, студент кылып кабыл алган. Ал түгүл бир да суроого жооп бере албай, бланкты таптаза тапшырган абитуриенттерге олчойгон баа-баллдар коюлганы ашкереленип, кыйла дүң болгон.

Улуттук Университеттин ректору А. Өмүрканов кызматынан кетип, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө тогуз кылмыш иши козголгон. Бирок колу таза эмес мугалимдер кандай жаза алгандыгы коомчулукка дайын боло элек




XS
SM
MD
LG