Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Шайлоо алдында жарандык коомду саясаттан алыстатуу амалы


“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Бейөкмөт уюмдарды каттоо жөнүндөгү” эки мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бүгүн Бишкекте тегерек үстөлдө талкууланганы жатат. Аталган мыйзамдарга сунуш кылынган өзгөртүүлөргө жарандык коом каршы чыгууда. Анын себеп жайы жөнүндө “Азаттыкка” Бейөкмөт уюмдардын “Демократиялык жана жарандык коом үчүн” коалициясынын президенти Динара Ошуракунова айтып берди.

- Динара айым, Бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө салуу боюнча депутаттар тобу көтөрүп жаткан мыйзамдык демилгелер эл аралык коомчулукта каршылык жаратууда. Коммунист-депутат Исхак Масалиев бул демилгени жарандык коомду саясатка аралаштырбоо, шайлоого киришүүдөн четтетүү, чет өлкөлүк уюмдарды катуу көзөмөлгө алуу максаты менен байланыштырды эле да. Жаңы мыйзамдык өзгөртүүлөр сиздердин ишмердигиңиздерге кандай таасир этиши мүмкүн?

-Абдан чоң таасир этет. Биринчиден, эмне себеп менен коммунисттер бул мыйзам долбоорун киргизип атат. Эң биринчи булар айтып айтып атышат, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет деп. Азыр бул мыйзам долбоорун кабыл алышпаса, бизде мамлекеттин коопсуздугу жоголуп кетеби? Кандай болот, мага белгисиз.

- Жарандык коом саясатка киришип жатат деген дооматка сиз кандай карайсыз?

- Биз азыр бүт мыйзамдарды карап чыксак, эч жерде, ошол эле саясий партиялар жөнүндө мыйзамда дагы саясий жумуш деген эмне экени эч кандай так жазылбаптыр. Мен бүгүн тегерек үстөлгө барып ошол депутат менен жолугушуп сүйлөшсөм бул саясий иш. Эгерде мен президентке кайрылсам бул - саясат. Ошон үчүн бул жагы бизге түшүнүксүз болуп жатат. Масалиев өзү айтып атат бейөкмөт уюмдар дайыма элди митингге чыгарат деп. Менин эсимде, бейөкмөт чын эле бир жолу 2006-жылы чыкканбыз митингге криминалга каршы.

- Негизинен жарандык лидерлер шайлоолорго, адам укуктарын колдоого катышып жүрөт деген маалыматтарды айтып жүрөсүздөр, ошого ишенсе болот турбайбы анда?

- Ошондой эле. Бул мыйзам долбоору келаткан шайлоонун учуруна атайын пландаштырылган. Биз анын баарын түшүнүп жатабыз. Депутат Төлөнов тегерек үстөлдө айткан, каалайсыңарбы-каалабайсыңарбы, бул мыйзам долбоору кабыл алынат деп.

- Бүгүнкү тегерек үстөлдөн кандай тыянак күтүп атасыздар? Еврокомиссиянын, БУУнун өкүлдөрү катышат экен, кызуу талкуу болчудай.

- Болот болушу керек. Кыргызстан жалгыз эле бир өлкө эмес. Эл аралык уюмдар бар. Эл аралык коомчулуктун пикирин бийлик, парламент кабыл алышы керек. Президент өзүнүн курсунда деле жарандык коом иштеш керек деп айтпадыбы.

- Сиздер кандай демилге же сунуш менен чыгып атасыңар?

- Бир эле сунушубуз бар, биз жогорудагы мыйзам долбооруна каршыбыз.

XS
SM
MD
LG