Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Н. Ашымов: “Бакиевдин 60 жылдык юбилейине 60- 65 пайыз добуш” деген - ушак


Жалал-Абат облусундагы жолугушууга президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү толук катышкан жок. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов үгүт өнөктүгүнө бийлик кийлигишүүдө деген пикирлерди четке какты

-Нурмамат Ашымович, Жалал-Абат облусундагы калк менен жолугушууга келген президенттикке талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүп бере алдыңарбы?

- Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте түзүлгөн иш-пландарга ылайык бардык талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүп, 18-июндан бери талапкерлердин чогуу жолугушуулары болду. Атап айтканда, президенттикке талапкерлердин ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн коллективдүү жолугушуулары 21-июнда, төрт район- шаарда, Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр, кийинки күнү Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Ноокен райондорунда, үчүнчү күнү Тогуз-Торо, Сузак райондору менен Жалал-Абат шаарында өттү. Айтып кете турган нерсе, ошол жолугушууларга талапкерлердин өкүлдөрү толук катышкан жок. Маселен, Токтогул районунда К. Бакиев менен Т. Үмөталиеванын эле өкүлдөрү келип, элди өз программалары менен тааныштырды. Калган жолугушууларга бирден эле өкүл катышканына эл нааразы болууда.

- БЭКтин өкүлдөрү байкашкандай, талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен казыналык мекеме- уюмдардын кызматкерлери кийлигишип жатканы чынбы?

-Бардык эле жерде мамлекеттик кызматкерлер шайлоочу катары талапкерлердин программаларын уккулары келет. Эгер алар жолугушууга келишсе, алар отпускада жүрүүсү мүмкүн. Ошондуктан алардын келүүсүнө биз тыюу салалбайбыз.

-Президенттик шайлоо мурдагысындай эле мыйзам бузуулар менен коштолуп, таза болбойт деген пикирлерге ишенүүгө болобу?


- Мен мындай ойлорго толугу менен кошулбайм. Өткөн аптада талапкер Алмаз Атамбаевдин өкүлдөрү облустагы бүт район-шаарларда жолугушууларды өткөрүп келишти. Алар берген арыз-кайрылуулардын негизинде жергиликтүү бийлик жолугуша турган жайларды көрсөтүп берип, ошол жерлерде коопсуздукту сактап турушту.

Бийлик өкүлдөрү тоскоолдук кылып атат, кийлигишип атат дегенге мен такыр макул эмесмин. Дагы бир айта кете турган нерсе, оппозициялык маанайдагы « Ата мекен» партиясынын өкүлүнүн унаасы бир машина менен кагышкан экен, муну да саясий өңүткө айлантып жатышат. Мен ойлойм, анны укук коргоо органдары тактап атышат, алардын жыйынтыгы чыккыча, тигиндей- мындай деп айтуу туура эмес. Ал катардагы эле жол кырсыгы болушу мүмүкүн.

-БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Кочкор-Ата шаарындагы штаб башчысы Канатбек Эрбаев айткандай, «президенттик шайлоодо президент К . Бакиевдин 60 жылдык юбилейине шайлоочулардын 60 – 65 пайыз добушун алып беребиз» деген убада барбы?

- Мындай ушак сөздөрдү чыгарса да, жайылтса да болот. Бир аял айтты, орусча айтканда « одна баба сказала…» деген сөздөрдүн баарын эле саясатташтыра берсек, биз жумуштан алагды болуп, шайлоону өткөрүүгө чоң тоскоолдук болот. Мен андай сөздөргө кошулбайм.

- Ал болжогондой, ошондой бюллетень даярдалганбы?

-Бул да жалган. БШК жакында бюллетендендин текстин бекитти. Бюллетень формасы эми бекитилип атса, ал бюллетень каяктан чыксын? Бул сөз да туура эмес.

- Облуста участкалык шайлоо комиссияларын куроо кандай жыйынтыкталды ?

-Аларды түзүү 22- июнда аяктаган. Бүгүнкү күндө бардык УШКлар өздөрүнүн биринчи отурумунда төрагалары менен катчыларын шайлап алышты. Бүгүн – эртең ошол комиссиялардын курамын массалык маалымат каражаттарына жарыялайбыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG