Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Марс Сариев: Бийлик кара пиарды билдирбей жасап атат


Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуп, өздөрүнүн программаларын жеткирүүгө аракет жасашууда. Талапкерлердин программалары жана үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча саясат таануучу Марс Сариев өзүнүн байкоолорун бөлүшөт

-Марс мырза, алты талапкер ат салышууда. Алардын программалары тууралуу кандай ой айта аласыз?

- Бакиевдин программасын билебиз - «Жаңы курс». Бакиевге каршы чыккан башка кандидаттардын, Атамбаевдин программасы аябай эле башкача «Системаны өзгөртүү» деген. «Системаны өзгөртүү» деген программасы менен Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусуна каршы чыгып атат. Башка кандидаттардын программалары анча деле эмес, эл деле анчалык колдобойт го.

-Бизде дагы эле программа эмес, инсанды тандоо болобу?

- Мен ойлойм, кыргыз эли биринчи инсанды тандайт го. Себеби илгертеден бери саясаттын дагы деңгээли ошондой, түшүнүгү дагы азыраак элдин. Ошондуктан ошол жакка көп карайт.

-Үгүт өнөктүгүндө Курманбек Бакиев басымдуулук кылганы байкалып турат. Таймаштын лидери экени айтылууда. Оппозиция талапкеринде абалды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгу барбы?

- Эл деле көрүп атапайбы, ушундай административдик ресурстарды пайдаланып атканын. Көбүнчөсү түндүк жакта аябай катуу пайдаланып атканы элге жакпай атат, анан оппозицияны жактыргандардын саны өсүп атпайбы. Канча көп пайдаланса, ошончо бийликке каршы чыккандардын саны көбөйөт.

- Оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин теледебатка чыгуусун сунуштап жатышат. Бул мүмкүнбү, бийлик мындай кадамга барабы?

- Билбейм, Курманбек Бакиев барбаса утулуп калат да. Себеби калыстык болуш керек да. Чыгып өзүнүн сөзүн, оюн айтыш керек, эл көрүш керек, эл таразалаш керек. Барбаса анда утулат.

-Кара пиардын алгачкы учкундары байкалып жатат. Бул күч алабы эми?

- Мен ойлойм, азыр баары эле күтүп атат, бирок катуу мыйзамды бузгандар болбойт. Бийлик методология, техника жагы менен утуп баратат, кара пиарды билдирбей пайдаланып атат. Ошон үчүн күтпөш керек катуу мыйзамды бузуп, бурмалайт деп. Башкача билинбеген методология менен утуп кетип атат.

-Добуштарды фальсификациялоого кнадай шарттар бар?


- Мен ойлойм, мүмкүн санап атканда фальсификация болот деп. Техника, коррупция ж.б. жагынан чоң мыйзам бузуулар болбойт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG