Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Жарандык коом алдын-ала добуш берүүгө каршы


Мамлекеттик жана менчик мекеме-уюмдардын кызматкерлери мөөнөтүнөн мурда жапырт добуш берип жатышынан улам жарандык коом БШКга аны токтотуу талабын койду.

Президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жаткан “Жарандык уюмдар биримдиги” БШКга жолдогон кайрылуусунда мөөнөтүнөн мурда мыйзамдан тыш добуш бердиртүү токтотулбаса анын жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылаарын эскертти. Ал тууралуу биримдикке кирген “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын президенти Динара Ошурахунованын айтымында, ага негиз берген жагдайлар өтө арбын:

-Кыргызстанда президенттик шайлоо биринчи жолу иш күнү болуп жатпайбы. Ошондуктан азыр бюджеттик мекемелер гана эмес көз карандысыз ишкана, мекемелерге деле кысым жасалып, алардын жетекчилери өздөрүнчө график түзүп, 23-июлда добуш бере албайбыз, ошондуктан мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө жардам бергиле деген арызды райондук шайлоо комиссияларына берип жатышат. Анан алар өз кызматчыларын көзөмөлдөп, добуш бердиртип жатышат. Ушунун негизинде 15-июлдан тарта “Кыргызтелеком”, “Кател”, Бишкек шаардык телефон байланыш ишканасы, Саламаттык сактоо министрлигинин бүт мекемелеринин кызматкерлери добуш берип жатышат. Андан тышкары Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын сантехниктери добуш берип жатышат. Бул мыйзамды одоно бузуу.

Кыргызстандын Шайлоо Кодекси боюнча аскер кызматчылары менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана өлкөдөн башка жакка чыгып бараткан жарандар чет өлкөгө кирүүгө алган визасы менен билетин көрсөтүп туруп мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Бирок, бул жолу шайлоого чейин тогуз күн мурун добуш берүүгө мыйзам жол берген 15-июлдан тарта аталган топко кирген шайлоочулардан башка адамдардын деле добуш берүүсү күч алгандыктан жарандык коомдун өкүлдөрү сотко кайрылып, анын жыйынтыгын жокко чыгартууга аракет көрүшөрүн жарыя кылышты.

Ал тууралуу Динара Ошурахунова буларга токтолду:


- Биз сотко беребиз. Эгер ушундай фактылар токтобой дагы көбөйсө, анда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу керек. Анткени, бул өтө чоң бурмалоо.

БШКнын төрагасы жарандык коомдун өкүлдөрүнө мындай аракеттерди токтотуу тууралуу шайлоо комиссияларына эскертүү берүүгө убадасын берди. Бирок комиссиянын шайлоо процесстер бөлүмүнүн башчысы Аманкул Молдалиев мыйзамдан тыш мөөнөтүнөн мурда добуш бердиртүү болушу мүмкүн эместигин жана комиссияда андай маалымат жок экендигин билдирди:

-Бул жөн жерден чыккан дуулдак сөз болуш керек. Аны текшериш керек. Андай болушу мүмкүн эмес, мындайга жол берилбейт. Жумушчу күнбү, жумушчу күн эмеспи атуулдук милдетин аткарам десе добуш бериш керек. Эгер бербесе аны эч ким зордуктай албайт же эмне үчүн добуш берген жоксуң деп эч ким суракка албайт. Бул болбогон эле шылтоо.

Саясат талдоочулар болсо мындай көрүнүшкө иш күнү өткөрүлө турган президенттик шайлоодогу жаңы саясий технология себеп болуп жатканын айтышып, бирок анын арты жалпы коомчулуктун нааразылыгын курчутушу мүмкүн деп баа берип жатышат. Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, буга бюджеттик мекемеде иштегендерди тууган-уруктарын тизмелеп бир талапкерге добуш бердиртүү, аким, губернаторлордун бир талапкердин жеңиши үчүн гана жасаган аракеттери түрткү бериши ажеп эмес:

- Мектептердин ар бир мугалимине 50 кишиден алып келип, азыркы президентке гана добуш бердиртесиң деген тапшырма бар. Андан тышкары үгүт учурунда көп мыйзам бузуулар болду. Мисалы аким, губернаторлор мал союп, аксакалдарды чогултуп, Бакиев үчүн добуш бергиле деп үгүттөп жүрүштү. Мындай көрүнүш администрацияда иштегендер менен алардын туугандарынын гана азыркы президентти шайлашына шарт түзүп коюушу ажеп эмес. Анан мындай кырдаал чатакка алып келиши мүмкүн. Эгерде чатак болуп кетсе Грузиядагыдай же Молдовадагыдай өтө кыйын кырдаал түзүлүшү мүмкүн.

Табылды Акеровдун айтымында, шайлоодон кийин абал курчуса үч талапкер Темир Сариев, Алмаз Атамбаев жана Жеңишбек Назаралиевдин аракетин бириктирип, чоң күчкө айлантып жибериши мүмкүн.

Бирок Темир Сариев өлкөнү андай кооптуу жагдайга жеткирбей добуш берүүнүн мыйзамдуу чекте өтүшүн көзөмөлдөө зарыл, эгер андай шарт болбосо чырдуу иштерди сот аркылуу жөнгө салуу керек деген ойдо:

-Биз өзүбүздүн байкоочуларыбызды ар бир шайлоо участогунда көзөмөлдөөгө коюуга аракет кылып жатабыз. “Ак шумкар” партиясынын көп өкүлдөрү жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болуп киришти. Жер-жерлерди кыдырганда шайлоочулар “биз өзүбүз көзөмөлдүк кылып, добуштарды уурдатпаганга аракет кылабыз” деп айтып жатышат. Биз ошолор менен бирге болобуз. Мыйзам чегинде, сот аркылуу акыйкаттыкты талап кылганга аракет кылабыз.

Ал эми БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков добуш берүүгө чейинки мыйзам бузуулар эле элдин нааразылыгын түптөп койду, эгер добуштар бурмалана турган болсо эл акыйкаттыкты талап кылып митингге чыгышы ажеп эмес жана анда БЭК алардын башында болуудан кайра тартпайт деп билдирди:

-Жалпы эл өз добуштарын сактап калуу үчүн Конституциянын нормасынын чегинде көчөгө чыгышат. Митинг болот, демонстрация болот. Анткени бир тоок уурдагандарды 3-5 жылга чейин камап жатышат. Добушту уурдагандарды дагы так ошондой жазага тартышыбыз керек. Албетте, бул иште БЭК эл менен бирге болот, анын башында болот. Себеп дегенде мындай зордук-зомбулукка жол берүүгө болбой калды.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров азыр бийликте турган талапкер Курманбек Бакиевге карата шайлоочулар арасында карама-каршы көз караштардын көбөйүшүнө Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар орусиялык ишкерлерге сатылат экен, Нарын облусундагы Ак-Сай, Арпа жайлоолору Кытайдын пайдалануусуна кетет экен деген маалыматтар, ал эми түштүктө болсо чегаранын бекемделе электиги, жер иштетүүгө кардарлардын көптүгү жана диний кырдаалдын туруксуздугу жол берип жатат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG