- Сапарбек мырза, 1-ноябрдан тарта шаар тургундарына жылуулук бериле баштаары айтылууда. Буга чейин убада кылынгандай эми электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулабы?
- Туура, 1-ноябрдан тартып Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Бишкек жылуулук борборунун жылуулукту жеткирүү мөөнөтү эки күн болот. Биздин оюбуз боюнча, 3-ноябрдан баштап шаар тургундарынын үйлөрүндө жылуулук болуп калат. Ошондуктан Кыргызстан боюнча 3-ноябрдан баштап электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулат.
-Ошол эле учурда өчүрүүлөр эми күндүз эмес, түнү болот деген маалыматтар да айтылууда
- Жок, түнү өчүрүүлөр болбойт. Электр жарыгы эми күнү-түнү болот.
- Өчүрүүлөр жылуулук маалы бүткөнгө чейин эле токтотулабы?
- Өчүрүүлөр кайра башталат же башталбайт деп азыр айта албайбыз. Бул Нарын дарыясы менен Токтогул суу сактагычындагы суунун кийинки жылдагы көлөмүнө жараша болот.
- Жалпы өчүрүүлөрдүн ордуна эми даректүү өчүрүүлөр болот деп айтылып жатат. Өчүрүүлөрдүн тартиби кандай болот, ушуга кыскача түшүндүрмө бере кетсеңиз.
- Маалы-маалы менен өчүрүүлөр токтотулат. Ал эми даректүү өчүрүүлөр болушу мүмкүн деп жатабыз. Даректүү өчүрүүлөр сөзсүз түрдө болот деп эч ким айта албайт.
- Ошентсе да даректүү өчүрүүлөр болуп калса, анда өчүрүүлөр кайсы бир айыл же район боюнча болобу?
- Биз кыш айларында республика боюнча ар бир айылдын, ар бир райондун электр жарыгын кантип пайдаланып жатканын карап турабыз. Эгерде кайсы бир район же айыл биз койгон чектен ашып кетсе, ошондо бир жумадан кийинби же 10 күндөн кийинби, 6-8 саатка чейин өчүрүп баштайбыз. Мунун тартибин азыр тактап жатабыз.
- Айыл же район сиздер коюп жаткан чектен ашып жатканын кандай жол менен аныктайсыздар? Маселен менин кошунам электр жарыгын менден көп колдонушу мүмкүн да...
- Туура айтасыз.Сиздин кошунаңыз көбүрөөк пайдаланышы мүмкүн. Бирок биз бир үйдү өзүнчө карай албайбыз, айыл же районду жалпы карайбыз.
- Бул электр жарыгын үнөмдөгөн кардарларга карата адилетсиз мамиле болуп калбайбы?
-Коюп жаткан сурооңуз туура. Бирок бизди да туура түшүнүш керек. Учурда Токтогул суу сактагычында сууну көлөмү өтө аз. Эгерде биз кышында электр жарыгын чектеп колдонбосок, анда кыштын аягына чейин жетпей калышыбыз мүмкүн. Февраль айында Токтогул гидроэлектр станциясы токтоп калышы мүмкүн. Ошону үчүн биз электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.
- Сапарбек мырза, мына кечээ өкмөттө жыйын болуп, анда сатыкка коюлуп жаткан Бишкек жылуулук борборунун, “Түндүк электр” жана Бишкек жылуулук тармактарынын баасы аныкталды. Бул объектилердин жеке колго өтүшү боюнча бир топ каршы пикирлер да айтылып жатат. Сиздин оюңузча, ушул үч объектини сатуу менен бул тармактардыгы абалды оңдой алабызбы?
- Кечээ сатуунун эрежелери гана аныкталды. Тиешелүү мекемелер эми тендер жарыялашат. Ага чейин да убакыт бар. Тендер эки ай мөөнөткө чейин жарыяланат. Андыктан быйыл эле ушул объектилер сатылып кетет деп айтуу туура эмес.
Маегиңизге рахмат.