Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Агрегаттар да арый башташты


Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын орнотулганына 35 жылдан ашты
Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын орнотулганына 35 жылдан ашты

8-декабрда Токтогул ГЭСиндеги эки гидроагрегат иштен чыгып, Кыргызстандын энергетикалык системасын үзгүлтүккө учуратуу коркунучу пайда болду. Түштөн кийин агрегаттардын бирөө оңдолуп ишке киргизилип, экинчиси эртеңден калбай калыбына келери маалымдалууда.

“Электрстанциялары” ачык акционердик коомунун иштетүү, оңдоо кызматынын жетекчи орунбасары Сергей Абдулхаировдун ырасташынча, Токтогул ГЭСи иштей баштагандан бери эки гидроагрегаттын бир убакта иштен чыгып калышы буга чейин болгон эмес. 8-декабрда таңкы саат алтыда Токтогул ГЭСиндеги 2-агрегат иштен чыккан. Анын артынан 3-агрегаттан да бузук табылган. Гидротурбинада электр магнит талаасын пайда кылчу системанын иштен чыгуусу агрегаттарды токтотууга алып келген.

- Система өзү иштөөгө жарамдуу. Бирок андай жабдуулар азыр заводдо жасалбай калган. Ошондуктан биздин алдыбызда системаны толугу менен ошондой жабдуулар менен алмаштыруу милдети турат,- деп айтты С.Абдулхаиров.

Анын маалымдашынча, буга чейинки текшерүүлөрдө эч кынтыгы билинбеген агрегаттардын капыстан иштен чыгуусунун негизги себеби Токтогул ГЭСиндеги жабдуулардын узак жылдар иштетилип, эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу. Таңга маал катары менен токтогон агрегаттар 1975-жылы орнотулган. Арбын электр энергиясын өндүрүш үчүн техникалык жабдууларды болгон кубаттуулугунда иштетип келүүнүн натыйжасы алдагыдай жагдайга алып келери бул күнкү окуядан соң жалгыз энергетиктерге эле эмес, жаамы журтка деле дайын болуп калды окшойт.

“Улуттук электр тармактары” акционердик коомунун техникалык директору Мурат Калкабаев Токтогул ГЭСиндеги кырсыктан соң резервдеги электр кубаттуулуктар ишке киргизилип, Кыргызстан энергетикалык таңкыстыкка кабылбаганы менен айрым бир проблемалар чыгарын ырастады.

- Электр энергиясы арбын колдонулган сааттарда айрым бир чектөөлөр болушу мүмкүн. Бул Токтогул ГЭСиндеги абалга байланыштуу. Ал эми резервдеги энергия азырынча биздин ички керектөөлөргө толугу менен жетет.

Токтогул ГЭСиндеги 4 агрегат 1200 мегават электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Ал жердеги агрегаттардын бирди-жарымы иштен чыгып калса Нарындын төмөнкү агымында жайгашкан электр станцияларынын иштөөсү кыйындайт.

Токтогул ГЭСинин башкы инженери Таалай Толубаев түштөн кийин агрегаттардын бирөө оңдолуп ишке киргизилгенин, экинчисин калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатканын ырастады. Ал жумуштар деле бул күнү аягына чыгып калышы мүмкүн экенин айтты. Анын пикиринде, тармактын көйгөйү эскирген жабдуулардын этегине илешип жүрөт.

- Жабдуулар эски. Алардын иштешине 25 жыл мөөнөт чектелсе 30 жыл 35 жыл иштеп коюшту агрегаттар. Биз колдон келишинче баарын текшерип карап жатабыз. А бирок кээ бир учурда ушундай окуялар болот. Бузук чыгып оңдогон учурларыбыз болот. А негизи кышка биз даяр элебиз.

Таалай Толубаев Токтогул катарындагы башка ГЭСтер ыраатында иштеп жатканын кабарлады.

- Алардын ишине сөз жок. Ал ГЭСтердин иши, кылган иштеринин көпчүлүгү Токтогул ГЭСине байланыштуу. Бул жактан биз канча суу жөнөтсөк ошончо электр энергиясын чыгарышат. Принцибинде алардын баары оңдоодон өткөн, кышка даяр.

Кыргызстандын энергетика системасындагы толгон-токой проблемаларды алдыга жайып, өкмөт электр баасын жаңы жылдан тарта 1 сом 50 тыйынга көтөрүүнү чечкен. Өлкө жылына 14 миллиард киловат-саат электр энергиясын өндүрөт. Бирок анын кыйласы уурдалып-тонолуп, тармактагы абалды жөнгө салуу кыйынга туруп келатат. Өкмөт эмдиги жылдын жайына чейин энергетикалык компаниялардын буга чейинки ишин текшерип чыгууну көздөөдө. Бирок да ушундай эле аракет 2006-жылы а кездеги өкмөт башчы Ф.Куловдун тушунда да жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы жалпыга жарыя кылынбай кала берген.

XS
SM
MD
LG