Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Жарыкты «жалп» өчүрүү кайра башталды


Энергетикалык кризис Кыргызстанды кыйлага байырлап алды
Энергетикалык кризис Кыргызстанды кыйлага байырлап алды

Бир жумадан бери Токтогул көлүнө суу арбын келе баштагандыгы айтылууда. Бирок ага карабастан 1-октябрдан тарта өкмөт 5 саатка чейин түнкүсүн жарыкты өчүрүүгө өттү.

“Электр станциялары” акционердик коому “Токтогул” көлүндө топтолгон суунун деңгээли 14 миллиард кубометрге жакындап калганын, бир апта ичинде 1 миллиардга жакын суу топтолгонун жарыя кылды. Ушу тапта көлгө агып келип жаткан суунун агымы секундуна 480 кубомерди түзүүдө. Көлдөн агызылып жаткан суунун агымы секундуна 294 кубометрге жетүүдө. Ортодогу арифметикалык айырма суу көлгө арбын топтоло баштаганын айгинелейт. Анан эмнеликтен түнкүсүн республика беш саат бою кайрадан караңгылыктын кучагына кирип калышын адистер жазгыга жетиштүү суу топтоо зарылдыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Токтогул каскадынын башкы инженери Таалай Толубаевдин айтуусунда, күзгө маал суу арбын келгени менен, эмдиги, кийинки жылы табияттын кандай болорун болжош кыйын.

- Мүмкүнчүлүк быйылкыга бар. Быйыл өчүрбөй койсо болот. А быйылдан кийин суу кандай болот? Кургакчыл болуп калсачы? Мына мисалы, 4 – 5 жыл кургакчыл болуп туруп алат экен. Анан эми өзүңүз да көрүп жатасыз экология бузулгандыгына байланыштуу аба ырайы да өзгөрүп кетти.

Ушул эле ойду Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министрлигинин башкы адиси Ольга Мажитова да ырастады. Суу арбын келгени менен, быйыл деле чектөөлөрсүз кыштан чыгыш кыйын.

- Маселен, өткөн жылы чектөөлөр жалпы электр керектөөлөрүнүн 33-34% чейин жетсе, быйыл ал суунун арбын келишине байланыштуу 18% гана тегерегинде болууда.

Өкмөт 2007-жылкы керектөөлөрдүн негизинде кайсы аймактын электр керектөөсү канча экенин аныктап, алардын текши баарына электр энергиясын пайдаланууну 18% азайтуу милдети коюлган. Чектен ашпаган аймактар менен электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдаланчу ишкана, мекемелердин жарыгы өчүрүлбөйт.

Өткөн жылкы жарыкты “жалп” өчүрүүлөрдүн олуттуу дегидей натыйжасы жоготуулардын 32% азайганы болду окшойт. Парламенттин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун айтуусунда, тармакта проблемалар дагыле толтура.

- Мисалы үчүн элдин баары убагында төлөп жатат, дегенден алысмын. Мына бүгүн эле жүрөт, сентябрь айына карата карыздар 2,5 миллиард сомдон ашып кетти деп. Бул жыл сайын көбөйсө көбөйүп жатат, бирок азайган жери жок.

Антип кыйынчылык менен табылган акчанын көбү Бишкектеги жылуулук борбору менен Токтогул ГЭСине жумшалып, бөлүштүрүүчү компаниялар каржы каатчылыгына кабылып келатканы көпчүлүк адистерге дайын. Жыл сайын Кыргызстан 14 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрсө анын 2 миллиарды сыртка сатылып, 8,5 миллиарды - элге, калган 4 миллиардга жакыны жоголот.

- Ошонун баарысы 30% кыскарып жатса 8,5 миллиарддын 2 миллиарды азыраак колдонулат. Азыраак колдонулгандан кийин азыраак уурдалат,- дейт Райымбек Мамыров.

Энергетика тармагы капталган алдагыдай жагдайдан чыгуунун жалгыз аргасы катары өкмөт аны жеке колго берүүнү, менчиктештирүүнү аягына чыгарууну көздөөдө. Өткөн жылы ошондой максатта Бишкек жылуулук борборун баш кылып, “Түндүкэлектр” акционердик коомун, Бишкек жылуулук системасын жеке колго берүү аракети жасалган. Өкмөт башчы Игорь Чудинов өткөн жылы 1,5 миллиард тариф жабылбай калганын, экономикалык кризис тушунда өкмөт электр акысын атайылап көтөрбөгөнүн айтат.

- Мен деле ишин жакшы билген башкаруучу, жумуштун көзүн билген кишинин келишин каалайм. Бир киши же компания энергетикалык бөлүштүрүү компанияларын жакшыртуунун үстүндө иштеп, ошол эле маалда акынын чогултулушун бекем көзөмөлдөшү керек.

Азырынча тармактагы уурдоолор азайгандын ордуна көбөйүп, жакынкы жылдардан бери ага газ тармагы да кошула баштады. Бирок ал өзүнчө тема.

XS
SM
MD
LG