Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

Шериктештик Кубогунда “Дордой-Динамо” ат салышат


Дордой-Динамо 2007-жылы Азиянын футболдук конфедерациясынын чемпиону болгон.
Дордой-Динамо 2007-жылы Азиянын футболдук конфедерациясынын чемпиону болгон.

Шериктештер кубогунда өлкө намысын коргоо үчүн Нарындын “Дордой - Динамо” командасы Москвага эртелеп барды. Быйыл да ал өз тобунда атаандаштарын жеңип, чейрек финалга чыгаары күмөн.

Быйыл да футболдон өлкө чемпиондугун бешинчи ирет сактап калган Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 17-январда Азербайжандын чемпиону «Интер» командасы менен өткөрөт. Ал эми 18-январда Латвиянын чемпиону «Вентспилс» командасы менен беттешет. Үчүнчү оюн 20-январда Финляндиянын чемпиону «Интер» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана чейрек финалга катышууга укук алат.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы дурус даярдык көрүп жаткандыгын команданын капитаны Руслан Сыдыков айтуу менен таймашуулар курч болоорун, атаандаштары күчтүү экенин билдирди:

-«Көк-Жардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, машыгуу бир аз үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Москвада дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Москвада атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн “Дордой” футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков "Азаттыкка" айтуу менен быйылкы атаандаштарынан үчөө тең күчтүү экендигин белгиледи:

- Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүп бердик. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Европанын футболу менен Азиядагы жаңы өнүгуп келаткан бизди салыштырууга болбойт. Ошентсе дагы бир-эки оюнду утуу максатын койгонбуз. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизип жатат.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп келатат, быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албайт.”Себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын”,- дейт Бообек Кадыркулов:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишеничти актабай жатышат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калат го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Бообек Кадыркуловдун айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Кыргызстандын ар бир облусунда жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

"Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмойун өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи”.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу, москвалык Сергей Дворянков негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл албаса дагы утулушу мүмкүн дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он алты жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Орусияда өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышып келүүдө.

Ушул жылдар аралыгындагы 48 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Беш ирет тең чыгышкан. 43 жолу жеңилүү ызасын тартышты.

Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой- Динамо» командасы мурда Шериктештер кубогуна төрт жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG