Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Москвада “Дордой-Динамо” командасы чейрек финалга чыкпай калды


Москвада өтүп жаткан футболдон Шериктештер Кубогунда Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой - Динамо” командасы өз тобунан чыга албай калды. Алар эки ирет тең чыгып, бир жолу жеңилди.

Москвада өтүп жаткан футболдон Шериктештер Кубогунда 16 команда төрт топко бөлүнүп, мөрөй талашып жатышат.

Үчүнчү чечүүчү оюн 20-январда Финляндиянын чемпиону «Интер» командасы менен болуп, мында биринчи таймда «дордойчулар» 1:0 эсебинде утулуп жатышкан. Беттешүүнүн 20-мүнөтүндө «Дордой-Динамо» командасынын курамында ойногон африкалык Мака Коум башы менен топту аттандаштардын дарбазасына сүзүп киргизүү менен эсепти теңдеди.

Экинчи таймда финдер дагы бир топ киргизүү менен алдыга озду. «Дордойчулар» демилгени колго алууга аракет кылуу менен эсепти теңдөөгө жетишти. Мында дагы африкалык легионер Дэниэл Тэго айырмаланып, ал дагы көкөлөгөн топту башы менен сүзүп киргизди. Аттандаштары дагы бир топту таамай тээп, 3:2 эсебинде алдыга чыгышты. Нарындын «Дордой-Динамо» командасынын капитаны Руслан Сыдыков акыркы мүнөттөрдө эсепти теңдеп, беттешүү 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

“Дордой” футбол клубунун вице-президенти Рысбек Мааткабыловдун Москвадан телефон аркылуу “Азаттыкка” билдиргенине караганда быйылкы атаандаштарынан үчөө тең күчтүү командалар болуп, экөө менен тең чыгып, бир оюнда утулуп калышты:

- Биздин аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору экен. Финдерге алгач коргоочулардын каталыгы менен эки топту киргизип алып, анан гана кайра теңдеп, үстөмдүк кылдык. Бирок акыркы мүнөттөрдө гана утулуп калдык. Аларды уткан күндө деле чейрек финалга чыга алмак эмеспиз. Быйыл ийгилик жаратууга аракет кылган менен майнап чыкпады. Бирок биздин жигиттер жакшы ойноп, өздөрүн көрсөтө алышты.

17-январда футболдон өлкөнүн беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Шериктештер кубогунда «Д» тобунда биринчи беттешүүнү Азербайжандын чемпиону «Интер» командасы менен өткөрүп, эсеп ачылбай 0:0 болуп аяктаган.

Ал эми 18-январда экинчи оюнда Латвиянын чемпиону «Вентспилс» командасы менен «Дордой-Динамо» беттешип, 1:0 эсебинде утулуп калышты.

Спорттук баяндамачы Табылды Асыгалиевдин пикиринде Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын утулуп келгени футболдон артта экенинен кабар берет. Быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албады. Бирок тажрыйба топтоп, чеберчилигин бир аз жогорулатып келүүдө:

- Жок дегенде быйыл өз тобунан чыгып, чейрек финалга катышып келсе деп тилек кылып турганбыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишеничти актабай жатышат. Бул ирет тең ойноп, ал түгүл финдер, азербайжандыктар менен тең чыкканы деле кубандырат.

Бул топто 7 упай топтогон Азербайжандын чемпиону «Интер» командасы менен Лавтиянын чемпиону «Вентспилс» командасы чейрек финалга чыгышты.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он алты жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Орусияда өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгындагы 51 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Жети ирет тең чыгышкан. 44 жолу жеңилүү ызасын тартышты.

Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы мурда Шериктештер кубогуна беш жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган жок. Бул Кыргызстандагы футболдун деңгээли Тажикстандан дагы төмөн дегенди билдирет дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG