Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызстандык футболчу Латвияга сатылды


Эгемендүү өлкө тарыхында Азамат Байматов Латвиянын футбол клубунда ойноого укук алды. Ошол эле учурда Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн айрыкча Африкадан футболчулар легионер катары ойноп жүрүшөт.

Футболдон Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы бир ай мурда Түркияда эл аралык машыгууларга катышып келген. Ошол машыгуу учурунда кыргызстандык жаш футболчу, “Дордойдун” чабуулчусу Азамат Байматовду Латвиянын “Вентспилс” футбол клубунун адистери сындан өткөрүп, өз командасында ойноону сунуштаган.

“Дордой-Динамо” футбол клубу бул сунушту жөндүү көрүп, аны Латвияга жөнөттү. Ошентип кыргыз футбол тарыхында ырасмий келишим менен чет өлкөгө сатылган алгачкы футболчу деп Азамат Байматов катталды.

Ал учурда “Вентспилс” футбол клубунун жаштар командасы болгон “Транзитте” 1-июлга чейин ойной баштады.

Жогорку кеңештин депутаты, “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбековдун пикиринде дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен Азаматтай таланттуу футболчуларды чет өлкөлүк клубдарга сатып, аларга четте ойноого шарт түзүү учур талабы.

-Дүйнөлүк практикада жакшы оюнчулар сатылат. Биздин футбол клубдун ишин дагы ушул жакка ыктап, тажрыйбаны колдоно баштадык. Базар ыкмасына салуу менен Молдова, Грузия сыяктуу өлкөлөр футболчуларды тарбиялап, эми минтип трансферге коюп, миллиондогон долларга сатып, акча таап жатышат. Бизге дагы Африкадан, Шриланкадан жигиттер келип жатат. Ушундай таланттуу балдарга шарт түзүп беришибиз керек.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов Азамат Байматовдун келечеги кеңдигин айтып, кыргыз өңүн тааныткан футболчу болооруна ишеним артып турат.

Латиянын “Вентспилс” футбол клубунун катарында ойноого аттанаар алдында Азамат Байматов Кыргызстанда ойноп жүрө берсе, чеберчилиги жогорулабай калаарын айтып, Европалык командалардын биринде ойноого куштар экендигин “Азаттыкка” билдирген.

Ал эми Кыргызстандагы таанымал футбол клубдары болсо чет өлкөлөрдөн футболчуларды катарында ойнотууга дилгир. Нарындын “Дордой-Динамо” командасында 4-5 жылдан бери Африканын Гана өлкөсүнөн Дэвид Тетте баштаган бир нече жигит ойноп жүрүшөт. Ошондой эле “Дордойдо” орусиялык, грузиялык, түркмөнстандык легионерлер да былтыртан бери келишимдин негизинде өнөрлөрүн көрсөтүүдө.

Жакында эле “Дордой-Динамо” футбол клубу чет элдик эки оюнчу Майкл Ойесани жана Евгений Харисов менен келишимге кол койду. Африканын Нигерия өлкөсүнүн атуулу, коргоочу Майкл Ойесан командада оң жактагы коргоочу катары ойномок болду. “Дордой-Динамо” командасы аны менен үч жылга келишим түзүп, сындан өткөрдү.

Ошондой эле орусиялык, дарбазачы Евгений Харисов менен футболдук клуб узак мөөнөттү келишимге – үч жылга кол койду. Евгений Харисов Түркмөнстандын чемпионатынын жогорку лигасында 4 сезон өткөрүп, адистердин көңүлүн бурган.

Ушул “Дордой-Динамо” командасынын катарында 22 футболчу болсо учурда анын жарымына жакыны чет жерден келишкендер. Ал түгүл Африканын Гана жана Камерун өлкөлөрүнөн келишкен футболчулар Дэвид Тетте, Эраджа Арии жана Мака Кун Кыргызстандын атуулдунун ырасмий алышкан.

Мындан сырткары дагы үч африкалык футболчулар Дениэл Того, Вильям Гиан жана Майкл Ойесани да “Дордой-Динамо” командасында легионер катары ойноп жүрүшөт.

Ошондой эле орусиялык Алексей Галкин жана Максим Кретовду да “Дордой-Динамо” футбол клубу келишимдик негизде сатып алышкан. Бул легионерлерди канчага сатып алышканын “Дордой” футбол клубу сыр кылып, ачыкка чыгарышпады.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде Нарындын “Дордой-Динамо”, Бишкектин “Шер” жана Канттын “Абдыш-Ата” командалары чет өлкөлүк футболчуларга басым жасап, жергиликтүү жаштарга көңүл бурулбай калууда.

-Ал эле түштүктөгү командалардын дээрлик көпчүлүгүндө Өзбекстандын, Тажикстандын футболчулары ойноп жүрүшөт. Нарындын “Дордой” командасы деп аталганы менен бир дагы нарындык жигит бул команданын катарында ойнобойт. Бишкекте туруп алып, Нарындын атынан ойнобой, ошол жергиликтүү стадиондо оюн өткөрсө, аларды көрүп, жаштар өсөт эле да. Африканын же башка чет өлкөнүн атуулуна төлөгөн каражатты жергиликтүү балдарга берсе, кыргыз футболу утушка ээ болот эле.

Бишкектик футбол күйөрманы Бектуруш Салгамани: - Кыргыз футболчуларынын чеберчилиги төмөн, кеңеш доорундагы Алмаз Чокморовдун деңгээлине жеткен бир оюнчусу жок, булардыкы балдардын оюну сыяктуу. Эч бир кызыгып көрүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз футболунун деңгээли нөл, - деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG