Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

“Дордой-Динамо” Бутандын “Йездин” командасын 7:0 эсебинде утту


10-июнда Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет уткан Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Бутан өлкөсүнүн чемпиону - “Йездин” командасын 7:0 эсебинде утуп алды.

10-июнда Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун «С» тобундагы атаандаштардын оюндары башталды.

Түштөн кийин “Спартак” стадионунда Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы менен Камбоджа мамлекетинин чемпиону “Пномпень Краун” командалары беттешти. Оюн курч мүнөздө өтүп, 4:3 эсебинде Мьянманын “Канбавза” командасы 3 упайга ээ болуу менен алгачкы жеңишти камсыз кылды.

Кечинде Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Бутан өлкөсүнүн чемпиону “Йедзин” командасы мөрөй талашты.

Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Ал эми 2006-жана 2007-жылдары rыргыз футболунун тарыхында Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы эки ирет утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн.

“Заман Кыргызстан” гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде, Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Бишкектеги бул беттешүүлөрдө жеңип, жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

- Бул ортозаар командалардын арасындагы мелдеш. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот.

Биринчи таймда эле талаа ээлери "Дордойдун" чабуулчусу Мирлан Мурзаев эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү. Беттешүүнүн он алтынчы мүнөтүндө Бутандын “Йездин” командасынын дарбазачысы Ченчо олдоксон ойногону үчүн калыстар ага “кызыл кагаз” көрсөтүп, оюндан чыгарды. Анын орунда Дава Шеринг киргени менен ал Мирлан Мурзаев тепкен айып тобун тосо алган жок.

Экинчи таймда Мирлан Мурзаев дагы айырмаланып, бул беттешүүдө атаандаштарынын дарбазасына төрт топ киргизди.

Ошондой эле "Дордой-Динамо" командасынын жарым коргоочусу Давид Тетте да атаандашынын дарбазасына топту алыстан таамай тээп киргизүү менен кыргызстандык футболчулардын жеңишин бекемдеп койду.

Экинчи таймда “Дордой-Динамонун” жарым коргоочусу Артем Муллажанов дагы бир топту бутандык атаандаштардын дарбазасына таамай багыттады. Беттешүүнүн акыркы мүнөттөрүндө “Дордойдун” жарым коргоочусу, легионер Давид Тетте дагы бир ирет күйөрмандарды сүйүнтүп, натыйжада эсеп 7:0 болуп, “дордойчулар” жеңиш салтанатын белгиледи.

"Дордой" футбол клубунун президенти Аскар Салымбековдун айтымында, анын командасына бутандыктар туруштук бере албады.

-Бирок кийин беттешүүлөрдө Мьянма жана Камбоджа өлкөлөрүнүн чемпиондору менен кызыктуу оюн болчудай. Себеби алардын футболчуларынын ойноо чеберчилиги жогору экени байкалды.

Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында мелдеш өткөрүүнү салтка айлантуу аракетинде болууда.

Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуевдин пикиринде, «Дордой-Динамо» командасынын жарым финалдагы атаандаштары тажикстандык, түркмөнстандык футболчулардын даярдыгы дурус, алар менен таймашуу кыйынга турчудай.

- Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жарым финалда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду.

Ошентип Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Бутандын чемпиону - "Йездин" командасы менен беттешип, 7:0 эсебинде жеңип алуу менен 3 упайдын ээси болду.

Эми 12-июнь күнү кечинде "Дордой-Динамо" Камбоджанын чемпиону "Пномпень Краун" командасы менен беттешет.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасы 2006 жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан. Ал эми былтыр 2008-жылы Бишкекте финалга чыгып, бирок Тажикстандын чемпиону “Регар” клубуна уттуруп койгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG