Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Бишкекте АФК президентинин Кубогунда «Дордой-Динамонун» экинчи жеңиши


12-июнда Бишкекте Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасы менен күч сынашып, 3:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жетишти.

12-июнда Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун «С» тобундагы атаандаштардын оюндары улантылды.
Түштөн кийин “Спартак” стадионунда Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы менен Бутан мамлекетинин чемпиону “Йездин” командалары беттешти. Оюн курч мүнөздө өтүп, 4:2 эсебинде Мьянманын “Канбавза” командасы 6 упайга ээ болуу менен экинчи жеңишти камсыз кылды.

Кечинде Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет уткан, Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасы мөрөй талашты.

Биринчи таймда Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасынын чабуулчусу Лаппе Лаппе Жан Рогер эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү.

Биринчи тайм аяктаганы саналуу мүнөт калганда гана “Дордой-Динамо" командасынын жарым коргоочусу Давид Тетте да атаандашынын дарбазасына топту алыстан таамай тээп киргизүү менен эсепти 1:1ге теңдей алды.

Өлкөнүн футбол федерациясынын ардактуу президенти Амангелди Муралиевдин пикиринде Нарындын «Дордой- Динамо» командасы бул Бишкектеги беттешүүлөрдө жеңип, жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

-Чынында бул ортозар командалардын арасындагы мелдеш. Себеби Азиядагы футболду өнүктүрүү үчүн болгон аракеттин натыйжасында уюшулган. Кийинки 7-8 жылдан бери Кыргызстанда футболдун күзгүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасы болуп, бетке кармап келатабыз. Эми өз үйүндө ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот го.

Экинчи таймда "Дордой-Динамо" командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев дагы айырмаланып, атаандаштарынын дарбазасына топ киргизип, “Дордойду” алдыга чыгарды.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде бул жолку беттешүүдө “дордойчулар” шашып ойноп, тактикалык көп каталыктарга жол берди.

Ошондой эле беттешүүнүн экинчи таймы аяктаарына 10 мүнөт калганда “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыков дагы бир топту башы менен камбоджалык атаандаштардын дарбазасына таамай багыттады.

12-июнда дагы “Дордойдун” оюнчулары бул ирет дагы күйөрмандарды сүйүнтүп, натыйжада эсеп 3:1 болуу менен беттешүүнүн жыйынтыгы “Дордойдун” пайдасына чечилип, алар да 6 упайга ээ болду.

Эми 14-июнь жекшемби күнү кечинде "Дордой-Динамо" негизги атаандашы Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы менен чечүүчү оюнда беттешет.

Бул эки команданын кимиси утса, алар Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун жарым финалында ойноого укук алышат.

Футбол күйөрмандардын эсине: Нарындын “Дордой-Динамо” командасы 2006- жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан.

Алар былтыр 2008-жылы Бишкекте финалга чыгып, бирок Тажикстандын чемпиону “Регар” клубуна уттуруп, Кубокту алдырып койгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG