Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

«Дордой-Динамо” АФК президентинин кубогунун жарым финалына чыкты


Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы менен чечүүчү таймашта күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңип, АФК президентинин кубогунун жарым финалына чыкты.

14-июнда Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун «С» тобундагы атаандаштардын оюндары жыйынтыкталды.

Түштөн кийин “Спартак” стадионунда Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасы менен Бутан мамлекетинин чемпиону “Йездин” командалары беттешти. Бул беттешүүдө 3:1 эсебинде Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасы жеңишти камсыз кылды.

Кечинде Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы мөрөй талашты.

Беттешүүнүн үчүнчү мүнөтүндө эле Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасынын чабуулчусу Сое Мин Оо айырмаланып, “Дордойдун” коргоонуусун жарып өтүп, анын башы менен сүзгөн тобун дарбазачы Владислав Волков тосо албай калды. Ошентип эсепти мянмалыктар ачты.

Мелдешке күбө болуп олтурган Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов мьянмалык футболчулардын чеберчилиги жогору экенин “Азаттыкка” билдирди.

Биринчи таймдын 25-мүнөтүндө “Дордой-Динамо” командасынын жарым коргоочусу Давид Тетте эсепти теңдеп, “Канбавза” командасынын дарбазасына топту таамай тээп киргизди.

Ошондой эле беттешүүнүн отуз бешинчи мүнөтүндө “Дордой-Динамо” командасынын оюнчусу Элдар Амиров айырмаланып, эсепти дагы бирге көбөйтүп, мөрөй талашууда “Дордойду” алдыга сүрөдү.

Өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаевдин пикиринде Нарындын «Дордой- Динамо» командасы бул Бишкектеги беттешүүлөрдө жеңип, жарым финалга чыкканы менен баш байгени утуп, кубокту кайрып алышы кыйын болчудай.

-Чынында “Дордой-Динмо” командасы орто деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү. Бул кубоктун максаты деле Азиядагы футболду өнүктүрүү үчүн болгон аракет. Кийинки 7-8 жылдан бери Кыргызстанда футболдун күзгүсү катары Нарындын “Дордой-Динамо” командасы болуп, бетке кармап келатабыз. Өз үйүндө атаандаштарын араң утуп жатат, финалга чыкса дагы кубокту кайрып алуу үчүн азыртан даярдык көрүүсү зарыл.

Өткөн экинчи оюнда айырмаланган “Дордойдун” чабуулчусу Мирлан Мурзаев Камбоджанын командасынын оюнчусун бутка тээп жибергендиктен калыстар ага кызыл кагаз көрсөтүп, мелдештен кууп чыккан. Бул беттешүүдө дагы анын жоктугу айкын сезилип жатты.

Бул беттешүүдө “Дордойдун” жарым коргоочусу, легионер Давид Тетте менен Элдар Амиров күйөрмандарды сүйүнтүп, кыргызстандыктардын жеңишине салым кошту.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде, «Дордой-Динамо» командасынын жарым финалдагы атаандаштары тажикстандык, түркмөнстандык футболчулардын даярдыгы дурус, алар менен таймашып, кубокту кайрып алуу үчүн мыкты даярдык көрүү зарыл.

Ошентип Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Мьянма мамлекетинин чемпиону “Канбавза” командасын 2:1 эсебинде утуп алуу менен жарым финалда ойноо укугуна ээ болду.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасы 2006- жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки жолу уткан. Ал эми былтыр 2008-жылы Бишкекте финалга чыгып, бирок Тажикстандын чемпиону “Регар” клубуна уттуруп, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун алдырып койгон.




  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG