Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Евгений Ваккер Азия чемпионатында мөрөй талашууда


Индонезияда велоспорт боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык белгилүү спортчу Евгений Ваккер намыс талашып жатат.

15-августта бери Индонезия өлкөсүндө велоспорт боюнча Азиянын 29-чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын көзгө басаар жалгыз велоспортчу Азиянын эки жолку чемпиону Евгений Ваккер трек жана шоссе жарыштарында коргоп жатат.

Азия оюндарынын төрт жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер мурда Германиядагы велоспорт клубунда машыгып келсе, былтыртан баштап Ирандын спорт клубу менен келишим түзүп, кесипкөй спортчу катары таанылган.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген спорт чебери Евгений Ваккердин устаты өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамовдун айтымында Индонезиядагы Азия чемпионатынын алдында алар эки жума Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, даярдык көрүштү.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Евгений Ваккер Кыргызстанда машыгууга шарт жоктугунан Германияда жашап, спорт клубунда чеберчилигин арттырып келген. Ага былтыр учур талабына шайкеш спорттук жаңы велосипеди олимпиадалык даярдоо борбору 7 миң еворго сатып берген.

-Велоспорт боюнча ал жеткен ийгиликке бир да спортчу жете элек. Азия оюндарында эле төрт жолу катары менен байгелүү орунга ээ болгон, 16 жылдан бери чеберчилиги жогору экенин далилдеп келет. Кыргызстанда эгемендүүлүк менен өлүп бараткан велоспортту сактап калуу үчүн Евгений Ваккер Германияга барып, кесипкөйлөр спорт клубунда машыгып, өлкө намысын коргоп келүүдө. Эми Ирандын кесипкөй клубунун катарында мелдештерге катышып, мөрөй ала баштады. Бул велоспорту өкмөттүк деңгээлде колго алууга мезгил жетти.

Евгений Ваккер Индонезияда велотрек жана вело шоссе жарыштарында өлкө намысын коргоп жатат. Анын негизинен 42 км аралыкка жарышта байгелүү орундарга жетип калуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин устаты Эркин Аркамов маалымдады.

Жол алыстыгынан, виза маселелеринен жана күндүн ысыганынан кыйналып жатышканын Евгений Ваккердин устаты Эркин Акрамов жашырбады.

-Биз Евгений экөөбүз эптеп каражат тартыш болуп, жол азабын тартып араң бардык. Ошол түйшүктөрдүн акыбети кайтса деп үмүт кылып турам.

Индонезиядагы велоспорт боюнча Азия чемпионаты 20-августта жыйынтыкталат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында велоспортко өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбагандыктан мыкты адистер чет мамлекеттерге кетип калышкан.

-Велоспорт боюнча Кыргызстандын намысын жалгыз Евгений Ваккер коргоп жүрөт. Ал дагы бир топ жылдан бери Германиянын спорт клубунда машыкккандыктан ийгилик жаратып келүүдө. Эгерде 35 жаштагы Евгений Ваккер спорт менен кош айтышса, өлкөдө андан бөлөк велоспорттон “бычакка сап бир дагы жигит жок”, -дейт Бообек Кадыркулов.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн Евгений Ваккер 35 жашка толот. “В” тобундагы велоспортчулар арасында 1998-жана 2003- жылы дүйнө чемпиону жана күмүш, коло байгелердин ээси болгон.

Хиросима, Бангкок, Пусан жана Доха шаарларында өткөн Азия оюндарында 3 ирет күмүш, бир жолу коло медаль уткан. Ал Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат. Евгений Атланта, Сидней жана Афина олимпиаларына катышканы менен ийгилик жарата алган эмес. Былтыр Азия чемпиону болсо дагы Бээжин олмпиадасына жолдомо албай калган.

Мурдагы жылы “Б” тобундагы велоспортчуларынын дүйнө чемпионатында Евгений Ваккер марага биринчи келип, алтын медаль тагынган.

Мурдагы жылы Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында өткөн велоспорт Азия чемпионатында кыргызстандык Евгений Ваккер марага биринчи келип, Азия чемпиону аталган.

Ошондой эле Евгений Ваккер былтыр да Жапониянын Нара шаарында өткөн Азия чемпионатында 42 км аралык веложарышта марага биринчи келип, Азия чемпиондугун экинчи ирет жеңип алган.

Спорт күйөрмандардын эсине:1966-жылы Борбор Азия боюнча велотрек Бишкекте курулган. Бирок учурда керектен чыгып кароосуз калып баратканы өкүндүрөт.

Велоспорт Кыргызстанда өткөн кылымдын 30-жылдардан баштап өнүгө баштаган. Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдө мелдештер өткөрүлүп турган. Э.Я.Лившиц, В.И.Лусников Кыргызстанда биринчилерден болуп велоспорт боюнча 1957-жылы «СССР спортунун чебери» наамын алышкан. Ал эми Г.М.Карабаев уландар арасында 1974- жылы, С.А.Иванов студенттер арасында 1978-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон, Кыргызстандык Игорь Дзюба 1992- жылы Барселонада олимпиадалык оюндарда 4-орунду ээлеген.

Кыргызстандын жаратылышы, айрыкча Ысык-Көл аймагы велоспортту өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгону менен өкмөттүк деңгээлде бул тармакка көңүл бурулбай келет.

“Жалгыз таруу ботко болбойт” дегендей келечекте Евгений Ваккердин ордун басып, жолун улантуучу бир дагы велоспортчу жоктугу кыргыз спорт жетекчилерин алиге чейин ойлонто элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG